Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

КАТАРДА ОРУСИЯЛЫК ЭКИ АТУУЛДУН ҮСТҮНӨН СОТ ИШИ ЖҮРҮП ЖАТАТ


Муса Мураталиев, Москва Дүйшөмбү күнү Катарда Чеченстандын мурдагы президенти Зелимхан Яндарбиевди өлтүргөн деген шек менен айыпталган орусиялык эки атуулдун соту кайра башталды. Эки апта мурда орусиялык адвокаттардын өтүнүчүнөн улам тергөө иши убактылуу токтотулган эле. Катардын укук коргоо органдары билдиргенге караганда, кармалган эки атуул орусиялык атайын кызматтын кишилери. Күнөөсү моюнуна коюлса өлүм жазасына кесиле турган жарандардын кылмыш ишин кароого бир нече адвокаттар жана араб укугу боюнча адисттер Москвадан атайын ат арытып келишти. Сот жараянына ошондой эле, АКШнын мурдагы башкы прокурору катышууда.

Колго үч киши түшкөн. Алардын бири - Орусиянын Катар өлкөсүндөгү элчилигинин биринчи катчысы Александр Аристов болчу. Президент Владимир Путин телефон аркалуу 24-мартта Катар өлкөсүнүн эмири, шейих Хамад Бен Халиф ат-Тани менен сүйлөшкөндөн кийин А.Аристов бошонуп, Москва кайтып келген. Камакта калган эки кишинин аты-жөнүн Москва ушул күнгө дейре жашырып келаткан. Араптык басылмалар болсо алар Орусиянын тышкы чалгындоо кызматынын кишилери деп маалымдоодо. Жекшемби күнү REN-TV каналы Дохада колго түшкөндөр Анатолий Биляшков менен Василий Покшев экенин жарыялады.

Бул жолку сот иши кайра ачыларга жакын, так айтканда, 18-апрелде Дохага барган Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Игор Иванов менен Катар тышкы иштер министри Хамад бен Жасем бен Жабер ат-Тани жолугушуп, чечен лидери Зелимхан Яндарбиевди өлтүргөн деген шек менен колго түшүрүлгөн эки атуулдун тагдырын талкууга алышты.

“Газета” 19-апрелде жарыялаган макалада, катардык порокурор Саади ад-Дусру айып тагылып аткандар моюнуна койгудай жетишээрлик далилдер бар. Зелимхан Яндарбиевди жок кылган жардыргыч заттын бардык майда-барат тетиктери колубузда турат. Жардыргыч зат Катарга дипломаттар почтосу аркылуу Орусиядан алынып келинген деп жазылган.

Сот ишине катышып аткан орусиялык адвокат Дмитрий Афанасьевдин пикири мындай болду:

- Дипломаттар жашаган жердеги очоктон шишкебектин таягын таап алып, анын сабына жуккан күлдү техникалык экспертизадан өткөрүшкөн. Ага жакында өрттөлгөн кагаз менен желимдин күлү жукканын аныкташкан. Далил болуучу зат катары ошол кагаз менен желимди эсептешүүдө. Ал - жардыргыч затты алыста туруп башкаруучу механизм болгон жана аны ошол жерге өрттөп жок кылышкан дешкен.

Кезегинде Кремл менен тил табыша албаган Ичкерия жумуриятынын президенти Катарда саясий башпаана таап, Дохада үй-бүлөсү менен жашап аткан. Быйыл 13-февралда мечиттен келатканда анын машинесине өзү барып тийүүчү бомба тийип, ажал тапкан. Арадан беш күн өткөндөн кийин Катар бийлиги орусиялык үч кишини кармаган. Колго түшкөндөр күнөөбүз жок дешет.

19-апрелде Игор Иванов сыналгыдан сүйлөп:

- Өкүм чыгарганы аткан Катар сотунун чечимин, ошондой эле, Катар сотун Орусия сыйлайт, - деп билдирди.

“Газета” (19.04.04) басылмасы муну орусиялык тараптын ырасмий жообу деп баалайт. Ошол эле учурда “Ал-Жазира” сыналгысы атын жашырган бир булак билдирди деп айткан материалда Орусия менен Катар бийлиги алдын ала маакулдашып, бир кепке келишиптир. Орусиялык атуулдардын үстүнөн чечим чыгаары менен катардык эмир аларга мунапыс жарыялайт экен, - деп айтылат.

XS
SM
MD
LG