Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:20

Кипрдин түрк бөлүгү аралды Еврошаркетке кабыл албай турууга чакырды


Кипрдин түрк бөлүгүнүн премьер-министри Мехмет Али Талаттын билдиргенине караганда, ал жогорудагыдай өтүнүч менен Еврошаркеттин жетекчилигине кайрылды. Анын айтымында, Кипрдин Еврошаркетке мүчөлүгү аралдын биригүү маселеси чечилгенге чейин токтотулуп турушу керек. Өткөн ишембидеги референдумда БУУнун аралды бириктирүү планын Кипрдин түрк бөлүгү колдоп, грек бөлүгү четке каккан эле. Бул Кипр 1-майда Еврошаркетке кошулган соң уюмдун мыйзамдары, эрежелери аралдын эларалык коомчулук тааныган грек бөлүгүнө гана жайылтылат дегенди билдирет.

Еврошаркеттин азыркы төрагасы - Ирландиянын тышкы иштер министри Брайн Коуэндин айтымында, уюм Кипрдин түрк бөлүгүнө жардам берүүнү күчөтүшү керек:

- Биз Кипрдин калкы Еврошаркеттеги Кипрдин жараны деген окшош тагдырга ээ болоорун кепилдөөгө ниеттүү экенибизди билдиребиз. Еврокеңеш Кипрдин түрк бөлүгүнүн коомчулугун изоляциялоого чекит коюуну көздөйт жана алардын экономикалык өнүгүүсүн колдоо аркылуу Кипрдин биригүүсүн жеңилдетет.

АКШ Кипрдеги референдумдун жыйынтыгына өкүнүч билдирди. Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин айтымында, аралдын калкы "тарыхый мүмкүнчүлүктү" жоготту.

XS
SM
MD
LG