Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

АКШ: ШАЙЛООГО 6 АЙ КАЛДЫ - СУРАМЖЫЛООЛОР БОЮНЧА ЖОРЖ БУШ АЛДЫДА


Кошмо Штаттарындагы соңку сурамжылоо президент Жорж Буштун эл арасындагы популярдуулугу өсүп жаткандыгын көрсөттү. Мындай таңкалыштуу көрүнүштүн сыры эмнеде?

Кийинки кездеги кабарларга караганда АКШнын президенти үчүн жагымдуу болду деп айтуу кыйын. Биринчиден, өткөн айда Буштун мурдагы коопсуздук боюнча кеңешчиси Акүй "ал-Каиданын" коркунучуна убагында жетиштүү көңүл бурган эмесүү менен чыкты.

11-сентябрды иликтеген комиссиянын алдында да Ричард Кларк ушул эле маңызда билдирүү жасады. Аталган комиссияда дагы бир нече киши күбө өтүп, Буш террорго каршы жетиштүү даярдык көргөн эмес деп айтышты. Мындан көп өтпөй, Буш терроризмге каршы согуштун алдыңкы майданы катары көрсөтүп келаткан Ирактан да жаман кабарлар көр келчү болду. Үстүбүздөгү эле айда бул өлкөдө козголоңду басуу операцияларында аз эле дегенде 100 америкалык аскер ажал тапты.

Ошого карабастан, Кошмо Штаттарында президент Буштун популярдуулугу төмөндөбөстөн тескерисинче, өсүп баратат. Сурамжылоолор 2-ноябрдагы шайлоодо Жорж Буш менен атсалыша турган демократ талапкер Жонн Керрини калктын 43 гана пайызы колдоорун көрсөтүүдө. Ал эми Жорж Бушка болгон колдоо азыр 48 пайызды түзүп турат. "CNN" сыналгы каналы жана "USA Today" гезити жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы соңку кыйчалыш окуялар менен анча айкашпай жаткандай сезилет. Бирок Вашингтондогу Америкалык университеттин тарых жана саясат профессору Алан Лихтмандын айтымында, Буштун саясий упайга ээ болуп жатышынын бир нече себеби бар:

- Жаңылыктар жагымдуу болбогону менен, ал жаңылыктар коомчулуктун көңүлүн улуттук коопсуздук маселелерине буруп жатат. Ошонун натыйжасында кыйын кезеңде президенттин айланасында баш кошууга умтулуу пайда болду.

Профессор Лихтман ошондой эле Буштун атаандашы Жонн Керри саясий чечимдерди өзү кабыл албастан, кеңешчилерине көп ишеним артуу менен уттуруп жаткандыгын белгиледи. Мындан тышкары Буш өткөн айда шайлоо өнөктүгүнө 50 миллион доллар жумшап, бул акчанын көбүн Керрини Акүйгө ылайыгы жок саясатчыдай сүрөттөгөн жарнамаларга сарптады.

Ошол эле мезгилде Лихтман шайлоого дагы алты айдан ашык убакыт бар экендигин эскертти. Азыркы тапта сурамжылоонун жыйынтыгына артыкча маани берген туура эмес. Себеби, профессордун айтымында, сурамжылоонун жыйынтыгына таянып, шайлоодо элдин кандай добуш берээрин так айтууга эч качан болбойт:

- Азыркыдай эрте сурамжылоонун шайлоонун жыйынтыгы менен таптакыр байланышы жок. Сурамжылоо болжолдоо эмес, бүгүн, азыркы тапта эмне болуп жаткандыгын билүүгө гана көмөк болот.

Чынында эле, мисалы 1988-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө шайлоо алдында демократ талапкер Майкл Дукакис азыркы президенттин атасы Жорж Буштан 17 пайызга алдыда келаткан, бирок шайлоодо ал Буштан алда-канча аз добуш алып, уттуруп койгон.

XS
SM
MD
LG