Жаңы долбоор негизинен жарандык коомдун активдүүлүгүн көтөрүүгө, анын саясий турмушка батыл аралашуусуна негиз түзүүгө багытталган. Долбоордун тескөөчүсү Чолпон Ногойбаеванын ырасташынча:
- Жарандык коом өкүлдөрү, ишкерлер, мамлекеттик бийлик кызматкерлери даярдалып аткан долбоорлорду талкуулап, ага баасын берип турушу керек. Бул бийлик кабылдап аткан чечимдердин натыйжалуулугун жогорулатат.
Жарандык коом менен бийликтин ортосундагы алдагыдай мамиле-катнашка жетиш үчүн эки тараптан тең олуттуу мамиле жасалышы керек. Бийлик менен жарандык коомдун ортосундагы карым-катыштын жаңы сапаттык деңгээлин аныктаган долбоорго кызыккандар көп болууда, деп маалымдады Чолпон Ногойбаева.