Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:46

К.ПАУЭЛЛ: ИРАККА ЧЕКТЕЛГЕН СУВЕРЕНИТЕТ БЕРИЛЕТ


АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Ruetersтин кабарчысына берген интервьюсунда Иракта быйыл жай ортосунда бийлик жаңы өкмөткө өтө тургандыгын дагы бир жолу бышыктап, бирок андан кийин деле өлкөнүн суверенитети чектелүү болорун эскертти. Ирактын убактылуу башкаруу кеңешинин мүчөсү Насер Чадерчи америкалык мамкатчынын сунушун жүйөөсүз деп атап, четке какты.

Дүйшөмбү күнү Ruetersтин кабарчысы менен маектешип жатып, Колин Пауэлл – АКШнын мамлекеттик катчысы - быйыл жай ортосунда бийлик жаңы өкмөткө бериле тургандыгын дагы бир жолу бышыктады. Жаңы өкмөт суверендүү болот, бирок анын айрым бир бийлик-укуктарын биз өзүбүзгө алабыз, деп ырастады Пауэлл. Мунун өзү жаңы өкмөттүн полномочиелерин америкалыктар тартып алат дегенди билдирбейт. Ирак коалициянын жардамына муктаж, бул үчүн коалиция өз алдынча аракеттенгенге мүмкүндүк алышы керек, ошондон улам Ирактын суверенитети айрым бир жактарынан чектелет. Мындай аргасыз кадамды ирактыктар туура түшүнө тургандыгына ишенебиз, деп айтты Пауэлл.

Пауэллдин бу пикирин Ирактын башкаруучу кеңешинин мүчөсү Насер Чадерчи сынчыл апазда комментариялады. Дойче пресс агентурга берген интервьюсунда Чадерчи америкалык мамкатчынын сунушун жүйөөсүз идея деп атады.

Бийлик өткөөл өкмөткө берилген соң америкалыктар анын полномочиелерин кайсы тармактарда чектей турганы азырынча беймаалым. Ошентсе да Пауэлл бул маселеде Вашингтон Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ)колдоосун алганга үмүт кылып жатканын ырастап, Ирактагы аскери отряддарды кеңейткенге жана башка иштерге көмөктөшкөнгө ыктыярдуулардын санын көбөйтүү үчүн Бириккен Улуттардын жаңы резолюциясы абдан огожо болорун билдирди.

“Вашингтон пост” гезитинин кабарларына караганда, Пауэллдин сунушу коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрү арасында кубаттоо таппаган сыяктанат. Бери эле дегенде алар алдыдагы күндөрдө баштала турган талкууларда бу маселени башкы темалардын бири катары караганы жатат. Мындан тышкары маселенин көп өңүтү БУУнун атайын өкүлү Лахдар Брахими Багдадда өткөргөнү жаткан жыйындан соң дайын болушу ыктымал. Шейшемби күнү кечинде ал Ирактын башкаруу кеңешинин мүчөлөрүн БУУнун планы менен тааныштырат.

Америкалык командачылыктын маалыматтарында Нажафга чукул жерлердеги уруштарда антикоалициялык кошуундардын алтымыштан ашуун лашкери окко учканы айтылат. Нажаф менен Кербаланы шийиттердин имамы ас-Садрдын куралдуу отряддары коргоп жатат. Ал эми сүннүлөрдүн Фаллужа шаары баштагыдай эле коалициялык күчтөрдүн камоолунда турат. Шейшембиден тартып калааны күзөткөнгө жергиликтүү коопсуздук күчтөрү да тартылды. Ирактын башкаруу кеңешинин азыркы башчысы Масуд Барзани соңку кезде Фаллужада жана Нажафта түзүлгөн туюк кырдаалга Вашингтон кетирген каталыктар себеп болду деп билдирген эле.

Бул учурда испаниялык 200 аскер шейшемби күнү Нажафты калтырып, Диваниядагы башкы базага келишти. Бул жерде жайгашкан испаниялык 1400 аскер контингенти эми мекенине кайтканга камына баштайт шекилди. Испаниянын жаңы премьер-министри Жозе Луис Родригес Сапатеро Ирактан бардык аскер күчтөрү чыгарыла тургандыгын айткан эле.

XS
SM
MD
LG