Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

"ПИРАМИДА" КАЙРА КӨРСӨТҮЛӨ БАШТАДЫ. ЖАНДЫРМАГЫ ЭМНЕДЕ?


27-апрелде кечки саат бештен тартып, көз карандысыз «Пирамида» телеканалы кайрадан өзүнө таандык метрдик диапозондо чыга баштады. Бийлик өкүлдөрү каналдын техникалык себептерге байланыштуу чыкпай жатканын жана анын чыгуусу үчүн кеминде жарым жыл убакыт жана 40 миң доллар керектигин билдирип жатышкан шартта, каналдын кайрадан чыгуусу, анын чын эле саясий себептерге байланыштуу өчүрүлгөнүн тастыктагандай болууда.

«Пирамида» телеканалы 17-марттан тарта техникалык себептерге байланыштуу метрдик диапозондо чыкпай калган. Телекөрсөтүүнүн жетекчилигинин маалыматы боюнча, телемунарадагы бузулган тетик саналуу күндөрдүн ичинде алмаштырылып, оңдолгон. Бирок ага карабай «Пирамиданын» метрдик диапозондо чыгуусуна жол берилген эмес. Бул маселе "тегерек стол" жыйынында, парламенттин комитетинде каралып, анда телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча радиорелейлик магистралдарынын башкы инженери Кубанычбек Бегалиев, каналдын чыгуусу үчүн кеминде жарым жыл убакыт, 40 миң доллар керек деп билдирген.

Бирок 26-апрелде белгилүү финансист Жорж Сорос президент Аскар Акаев менен жолугушкан учурда «Пирамиданын» маселесин козгогон. Андан бир күн өтүп-өтпөй канал өз толкунунда чыга баштады.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов «Пирамиданын» кайрадан өзүнө таандык диапозондо чыгышын Соростун президент алдында маселе коюшу менен байланыштырат:

- Муну Жорж Соростун келиши менен байланыштырса болот. Бир жарым айдан бери телеканал техникалык себептерге байланыштуу чыкпай жатат, саясат жок деп атып эле, Сорос келгенден кийин бир кнопка басылып, «Пирамида» кайрадан көрсөтүлүп калды. Бул дагы анын техникалык эмес, саясий себептерден чыкпай жатканынын бир далили.

Ал эми телеканалдын башкы редактору Элина Чернявская метрдик диапозондо чыгууга уруксат берүүнүн себебин мындайча түшүндүрдү:

- Капысынан жандырууну бардык демократиялык күчтөрдүн активдешүүсү менен түшүндүрөм. Андан сырткары Соростун сапары да бизге оң таасирин тийгизди деп ойлойм. Бирок келечекте «Пирамиданын» айланасында мындай окуялар кайталанышы ыктымал.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын коомдук уюмдар жана маалымат саясаты боюнча комитетинин төрагасы Кабай Карабеков болуп жаткан окуя тууралуу мындай оюн билдирди:

- «Пирамиданын» кайрадан чыгуусуна ким жол ачты - аны билбейм. Ага президент тарабынан буйрук болдубу, ал да - мага белгисиз. Бул каналдын маселеси жеңил эле чечиле турган маселе экендиги биз өткөргөн комитет жыйынында эле айкын болгон. Бирок биздеги чиновниктердин эл алдында жоопкерчилигинин жоктугунан ушундай чыр чыкканга чейин жетип отурабыз. Андай чиновниктерди кызматтан айдаш керек.

«Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев «Пирамиданын» метрдик диапозондо кайра чыгышын Жорж Соростун бул маселени Аскар Акаев менен жолугушууда көтөрүшү таасир этти деп ойлойт:

- Эми кырдаал мындай - мамлекетти бир киши башкарганда кандай маселе болбосун бир мүнөттө чечилет. Бизде ошондой мамлекет. Бир киши башкарган өлкө. Азыр Куловду чыгар десе, бир мүнөттө ал дагы чыгарылат.

Ал эми телеканалдардын толкундарынын чыгышын тейлөөчү телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча радиорелейлик магистралдарынын жетекчилиги, «Пирамиданын» кайрадан өзүнө таандык метрдик диапозондо чыгып калышы тууралуу эч кандай маалымат бере албасын билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG