Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

АКШ ИРАКТА ТАНДАЛМА АСКЕР БӨЛҮГҮН ТҮЗҮҮГӨ КИРИШТИ


Ирактыктар өз мекендештерине каршы ок атуудан тайсалдаган бир катар окуялардан кийин, Кошмо Штаттары Иракта козголоңчуларды бир жаңсыл кыла турган атайын аскер тобун түзүүгө киришти. Бул топ да Ирактын жарандарынан куралмакчы. Мындай күчтөр Ирак армиясынан же полициясынан канчалык айырмаланаары - азырынча белгисиз.

Кошмо Штаттары ирактык волонтер-демилгечилерден атайын аскер тобун курамакчы. Бул кадам америкалык офицерлер даярдаган Ирактын коопсуздук жана коргонуу күчтөрү козголоңчуларды жок кылууда коалициялык аскерлерге шерик боло албай жаткандыгын көрсөтөт.

Америкалык аскер башчысы Мартин Демпсейдин айтымында, өткөн бир жылда даярдалган коопсуздук күчтөрүнүн жарымы өз милдеттерин ойдогудай аткарышты. Ал эми 40 пайызга жакыны коркутуп-үркүтүүгө туруштук бере албай, кызматын таштаган. Калаган 10 пайызга чукулу АКШ баштаган коалициялык күчтөргө кастарын тиккен каршы тарапка өтүп кеткен.

Ирактын коопсуздук кызматкерлери эмне себептен Вашингтондун үмүтүн актабаганын аналитиктер ар кандай түкшүмөлдөп жатышат. Лондондогу аналитикалык "Жейнс" борборунун ага серепчиси Чарлс Хейман мындай дейт:

- Ким кимди колдойт, кеп ушунда. Элдин колдоосун бир нече айда сатып алуу мүмкүн эмес. Полиция күчтөрүнө жана армияга болгон ишеним акырындык менен калыптанат.

Махмуд Осмон - АКШ дайындаган Ирактын Башкаруу кеңешинин улуту күрт мүчөсү. Ал "Азаттыкка" Ирак аскерлери коалициялык күчтөрдүн кол алдында болгулары келбей жаткандыгын белгиледи:

- Бул жарандарды америкалыктардын командачылыгы астында согушууга мажбурлаган туура эмес деп биз канча айттык! Алар буга көнбөйт. Америкалыктар мындай кылбашы керек. Бул - катачылык.

Америкалык "USA Today" гезитинин жазышынча, элиттик топтун көлөмү өз каалоосу менен келгендердин санына жараша болмокчу. Аларга армиядагыдан көбүрөөк айлык төлөнөбү - бул да белгисиз.

Лондондогу Экономикалык жана саясий илимдер институтунун изилдөөчүсү Яхия Саиддин көз карашында, элиттик күчтөргө ирактык эмигранттык топторду колдогон согушчандар кошулса, алар козголоңчулар менен жан деп согушмак, бирок Ирактын өзүндө козголоңчуларга жан тарткандар көп экендигин эске алганда, согушчандар кошулган элиттик күчтөрдү эл жакшы кабыл албай коюшу ыктымал.

Ошол эле "USA Today"дин жазышынча, үстүбүздөгү айда Фаллужа шаарында козголоңду басууга салынганда Жарандык коргонуу корпусунун жоокерлери курал-жарагын көтөргөн бойдон эл арасына сиңип кеткен. Ал эми Ирактын Экинчи батальону олку-солку болуп, алгылыктуу согушпай койгондон кийин таркатылган. Бирок Саиддин көз карашында бул аталган күчтөргө ишенүүгө болбойт же алардын кесиптик даярдыгы начар дегенди билдирбейт. Тескерисинче бул алардын патриотизмин айгинелейт.

Вашингтон дайындаган башкаруу кеңешинин сабырдуу турумдагы таасирдүү мүчөлөрүнүн бири Аднан Пачачи АКШ армиясынын Фаллужага чабуулун "мыйзамсыз" деп мүнөздөгөн. Чабуулду ал "шаар тургундарын чогуусу менен жазалоо" деп айыптаган.

Фаллужаны америкалык аскерлердин Ирактын коопсуздук күчтөрү менен чогуу кайтаруу планы кийинкиге калтырылды. Азырынча шаардын көчөлөрүндө жергиликтүү полиция кызматкерлери кайгуулда турушат.

XS
SM
MD
LG