Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

ПРЕЗИДЕНТ ЖАЛАЛАБАДДАГЫ ЖЫЙЫНДА КОШУП ЖАЗГАНДАРДЫ СЫНГА АЛДЫ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Социалдык мобилизация жана акыйкат башкаруу жылына байланыштуу Жалалабадда эки күн өткөн республикалык кеңешмеге президент Аскар Акаев да катышып, жетекчилердин алдына бир катар милдеттерди койду. Мамлекет башчысы "Токой" программасы ишке ашпай, 50-60 жылдан бери токойлор каралбай калгандыктан жер көчкү кырсыгы кайталанып жаткандыгын, дарак отургузуу ишинде кошуп жазуулар көп экенин белгиледи.

Эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова кеңешмеге катышкан област, район, айыл өкмөт башчыларын атаандаша иштөөгө чакырды:

- Ар бир облус, район «мен кыйратып атам, жаңыртып атам» дебей, бири-бири менен атаандаша иштесе дейбиз. Жакшы тажрыйбаларын бөлүшсө…

Роза Аканазаровадан кийин «Таза суу» долбоорунун координатору Кеңешбек Мырзабеков беш пайыздык акча чогулбаса, өлкө Азия өнүгүү банкынын ишеничинен чыгаарына токтолду:

- Беш проценттик нак акча чогулбаса, 15 пайыздык курулуш иштерине эл кошулуп иштебесе, биз, банктын койгон шарттарын аткарбаган болобуз.

Президент Аскар Акаевдин айтымында, эл турмушун ондош үчүн бизнесмен болобу, ар бир атуул болобу - четте турбай, каражаттарды сарамжалдуу иштетип, айыл маданияты көтөрүлсө гана социалдык мобилизация максаты ишке ашат:

- Эл демилгеси менен чогулган акчаны эл үчүн коротолу. Социалдык мобилизация ишине граждандык секторду, коомчулукту, ар бир активист, эл-жерине күйгөн ар бир атуулду жана жалпы элди көтөрүшүбүз зарыл.

Аскар Акаевдин пикири боюнча, көрктөндүрүү ишинде кошуп жазуу арбын. Токойлор корголбогондуктан табигый кырсыктар көп болуп жатат:

- Тяншань карагайын украиналыктар «кыргыздын арча карагайы тунук, түп-түз болот экен» деп, самолёт менен алып кетүүдө. Биз жөө барып, алып келип тиккенге моюнубуз жар бербейт. Кагаз бетинде «миллиндогон дарактар отургузулду» дегени менен, аны карабай жатабыз. Бул жагынан баягыдай эле кошуп жазуу, жалган маалымат, жалган рапорт бергенибиз менен өлкөбүздүн кебетеси өзгөргөн жок.

Айыл маданияты жана спорт өнүктүрүлсө, калктын саламаттыгы иш жүзүндө жакшырса, өлкө жашоочуларынын өмүрүн 7-8 жылга узартууга мүмкүн болоорун болжогон Аскар Акаев жетекчилердин көңүлүн төмөнкү маселелерге бурду:

- Дагы бир зор маселе – элди микрокредит жана жаңы жумуш орундары менен камсыз кылуу зарыл. Бул милдет жалаң гана социалдык коргоо жана эмгек министри эмес, бардык жетекчилердин, жарандык коомдун жана жеке сектордун да милдети, - деди президент.

XS
SM
MD
LG