Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

ПРЕЗИДЕНТ БУШ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ КОМИССИЯНЫН СУРООЛОРУНА ЖООП БЕРДИ


Нарын АЙЫП, Прага 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы жасалган террордук чабуулдар боюнча түзүлгөн көз карандысыз комиссиянын суроолоруна 29-апрелде президент Жорж Буш дагы жооп берди. Буштун өзүнүн айтымында, ал бир да суроону жоопсуз калтырган жок, комиссия мүчөлөрү дагы жолугушуунун жыйынтыгына канааттанганын билдирди.

Комиссиянын түзүлүшүнө президент Жорж Буш көпкө каршы чыгып келген, кийин дагы, комиссиянын кээ бир мүчөлөрүнүн айтымында, Ак Үй анын ишине бир топ тоскоолдук түзгөн. Мисал үчүн, мамлекеттик сырды жашыруу шылтоосу менен Комиссияга көптөгөн документ берилген эмес, колго тийген документтердин көбү дагы өз нускасында эмес, кыскартылган түрдө гана жеткен.

Президенттик администрациянын коопсуздук маселелери боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ричард Кларк өз китебинде жазганга караганда, 2001-жылдын 6-августунда, террордук чабуулдар жасалаарга бир ай бар кезде, АКШнын Федералдык иликтөө бюросу президентке атайын кайрылып, Усама бин Ладен Америка Кошмо Штаттарынын ичинде террордук аракет уюштурууну чечти деп билдирген, бирок бийлик ага көп көңүл бурган эмес. Комиссия ал жолугушуунун материалдары менен таанышууну каалаганда дагы көптөгөн кыйынчылык пайда болгон жана коомчулуктун катуу басымы астында гана өткөн жылдын ноябрында Ак Үй ал материалдардын кээ бирлерин комиссиянын төрт мүчөсүнө гана көрсөткөн, бирок ал маалымат менен комиссиянын башка мүчөлөрүн таанышытырууга тыюу салган.

Комиссия он адамдан турат, алардын бешөө бийликтеги Репсубликалык партиянын, калган бешөө оппозициядагы Демократиялык партиянын мүчөлөрү. Өз ишинин жыйынтыктарын комиссия май айында чыгарууга тийиш болчу, бирок ал мөөнөт эки ай кийинкиге жылдырылды жана доклад 26-июлга чейин чыгууга тийиш. Комиссия менен жолугууга да президент Буш көпкө каршы чыгып келген жана өзүнүн коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси Кондолиза Райстын Комиссия алдында жооп беришине да тыюу салган. Андай болгондо биз силерди сотко чакырабыз дегенде гана Буш жана Райс суроолорго жооп берүүгө макул болду.

Кондолиза Райс Комиссия жыйынына 8-апрелде келип, террорчулукка каршы өкмөт бардык мүмкүн болгон чараларды көргөн жана канча жашыруун маалымат болсо дагы, чабуул качан жана кайсы жерде уюштурулаары так белгисиз болгондуктан, 11-сентябрдагы окуялардын алдын алуу мүмкүн эмес болчу деп билдирген.

29-апрелдеги жолугушуу Ак Үйдүн өзүндө өттү жана алгач бир саатка уланат деген жыйын үч саат он мүнөткө созулду. Бирок президент ага бир топ чек койду, мисал үчүн, жыйын жабык болду, ага вице-президент Дик Чейни да катышты, экөө тең жалаң чындыкты айта турганы жөнүндө ант берген жок, сүйлөнгөн сөздөр видеого же үн жазгычка жазылбады жана жыйындын расми жыйынтыгы ачык жарыяланбайт. Бир гана катчы жыйындын жүрүшүн кол жазма менен кагазга түшүрдү. Жолугушууга Комиссиянын бардык он мүчөсү келди, бирок алардын экөө - төрага орун басары Ли Хамилтон жана мурдагы сенатор Боб Керри жыйын аяктаганга чейин андан кетип калды. Экөө тең Демократиялык партиянын мүчөлөрү.

Жыйын аяктаары менен президент Буш өзү журналисттерге чыгып, комиссиянын бардык суроолоруна жооп бергенин билдирди. Анын айтымында, АКШга каршы дагы башка террордук чабуулдар жасалышы мүмкүн, ошондуктан өкмөт сак болууга тийиш: "Бизге дагы жаңы чабуул жасалышы мүмкүн жана анын себеби ал-Каидада. Ал-Каида дагы бар жана ал коркунучтуу. Американы коргоо ишинде биз 100 пайызга так болуш керекпиз, биздин аракеттер туура болууга тийиш".

Комиссиянын элге чыккан мүчөлөрүнүн айтымында дагы, президент бардык суроолорго жооп берди жана вице-президент Дик Чейнинин жардамынан дээрлик пайдаланган жок.

XS
SM
MD
LG