Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

ИЗРАИЛДЕ ИЧКИ ПАРТИЯЛЫК РЕФЕРЕНДУМ ӨТҮҮДӨ


Израилде бүгүн ички партиялык референдум өтүп жатат. Башкаруучу "Ликуд" партиясынын мүчөлөрү премьер-министр Ариэль Шарондун тынчтык планына карата өз мамилесин билдирүүдө. Шарондун ырастоосунда, план ишке ашырылса Израилдин чек араларын коргоону жакшыртат, палестиндер менен кагылышууларды азайтат. Израил өкмөт башчысынын бул бир тараптуу планын АКШ колдогон, ал Евросоюз, Палестин автономиясы сынга алган болчу.

Израилдин премьер-министри Ариэль Шарондун ички партиялык референдумга коюлган планы Газа секторундагы жөөн конуштарын жоюуну жана бул жердеги аскерлерди чыгырып кетүүнү карайт. Ага ылайык маселен Израил Газа секторунун оккупацияланган аймактарындагы 21 жөөт конушунун түгөл жоюп, ал жерде жашаган 7,5 миңдей адамды көчүрүп кетет.

Ал эми Газа тилкесинде жашаган палестиндердин саны 1 миллион 300 миңдей. Мындан сырткары эки миллиондон ашуун палестин жашаган Иордандын батыш жээгинде да 230 миңдей жөөт тургуну бар. Планга ылайык Израил бул жердеги 120 конуштун төртөөсүн гана жойот жана бул иштер 2005-жылдын соңуна карата бүткөрүлүшү керек.

Жөөт өкмөт башчысынын ырастоосунда, аталган пландын ишке ашырылса, палестиндер менен тынчтык келишими жок болуп жаткан шартта Израилдин чек араларын коргоону жакшыртат, палестиндер менен кагылыштарды азайтат. Жекшембиде өкмөт жыйынында сүйлөгөн учурунда Ариэль Шарон ички партиялык референдумга коюлган маселе өлкөнүн келечеги үчүн мааниси чоң экенин белгиледи:

- Бул добуш берүү тагдыр чечээрлик, татаал жана өтө маанилүү. Израилдин келечеги: коопсуздугу, экономикасы, билим берүүсү, элди иш менен камсыз кылуусу, АКШ менен алакасы анын жыйынтыгына жараша болот. Ар бир адам балдардын келечегин жакшылап ойлоп, менин планым үчүн добуш бериш керек.

Референдум ички партиялык болгондуктан, ага башкаруучу "Ликуд" партиясынын гана 193 миң мүчөсү катышат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары мыйзамдуу күчкө ээ эмес. Премьер-министрдин кеңешчилеринин айтымында, добуш берүү терс жыйынтык менен аяктаган күндө да Ариэль Шарон өз планын аткаруунун үстүндө иштемекчи. Коомдук пикирди сурамжылоонун добуш берүү алдындагы жыйынтыктары ликудчулардын басымдуу бөлүгү жөөт өкмөт башчысынын планына каршы экенин көргөздү. Партиянын расмий адамдары арасында да ага каршылар бар. Өкмөттүн портфелсиз министри Узи Ландау мындай дейт:

- Биз үчүн пландын кабыл алынбашына жетишүү өтө маанилүү, себеби ал террорду гана күчөтөт .

Планга каршы болгон израилдиктердин пикиринде, Газа секторундагы жөөт конуштарынын жоюлушу палестиндердин "Хамас" сыяктуу уюмдарынын жеңиши болуп калат, ал эми аскерлердин кетиши менен кол салуулар күчөйт.

Палестин тарап болсо Ариэль Шарондун планына ылайык Иордандын Батыш жээгиндеги палестин аймактарында миңдеген жөөт тургундары калып жаткандыктан, Израилдин бир тараптуу түрдө эле чек араны аныктап, иш жүзүндө палестин аймактарын анекциялап алган болот деп эсептейт. Палестин өкмөтүнүн эмгек министри Хассан ал-Хатибдин айтымында, жөөт өкмөт башчысынын аракети эл аралык коомчулук колдогон "Жол картасы" тынчтык планына да каршы келет:

- Бул кырдаалды жоготкондук, Шарондун жеңишке жетишүүсү тынчтык жараяны үчүн жакшы эмес, себеби анын долбоору Жол картасы планына каршы келет. Анын ийгилик таппашы да тынчтык жараяны үчүн жакшы болбойт. Себеби бул жөөт конуштарында жашагандардын жеңиши. Ушундан улам биз тынчтык жараяндын жеңиши Израилден "Жол картасы" боюнча милдеттемелерди аткарууну талап кылат деп эсептейбиз.

Израил өкмөтү өз планын аткарууда палестин бийлиги эмес, эл аралык коомчулук менен гана иштешээрин билдирген. Планда ошондой эле Израил менен палестин аймактарын ажыраткан коопсуздук дубалынын курулушу улантылаары да каралган.

Ариэль Шарондун соңку планына АКШ президенти Жорж Буш колдоо көргөзгөн эле, Евросоюз болсо сындаган. Ал эми башкаруучу "Ликуд" партиясынын мүчөлөрү ага кандай мамилесин билдирээри дүйшөмбүнүн таңына карата белгилүү болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG