Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:58

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨР


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Кыргыз-өзбек чек арасында соңку учурда жанжалдар боло калууда. Ага мисал катары Аксы районундагы Кербен айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен Өзбекстандын Янгикурган районундагы Мамай айыл тургундарынын 8-апрелдеги чатагын айтууга болот.

Район акими А.Эгембердиевдин билдирүүсү боюнча 8- апрелде кыргыз чек арачылары Кербен айылында жайылып жүргөн Өзбекстандын Мамай айлынын кой-эчкилерин камап, кыргыз жерин келишимсиз иштеткен мамайлык 3-4 үй-бүлөнү айдап чыккан. Майда жандыгын издеген өзбекстандык 200дөн ашык адам чек арага топтолгон. Кыргыз жагына өтүүгө жана мушташууга тап койгон өзбекстандыктарды кыргыз чек арачыларынын асманга эскертүү иретинде аткан огу жана өзбек чек арачыларынын кыргыз кесиптештеринин мындай аракети тура экендигин түшүндүрүшү токтотуп калган.

Бирок кыргыз жерин келишимсиз иштетүүгө болбой турганын эскерткен Кербен айыл башчысы Арстанкул Сулайманкуловдун көйнөгүн коңшулар айрып салышкан. Кербендеги атуулдук коомду колдоо борборунун «300дөй адам чогулуп, жанжал чыкты. Айыл өкмөттүн 5 кызматкери женил жаракат алып, район башчылары ал жерге баргыча төртөө барымтада турду» деген маалыматын аким менен облбийликтин бөлүм башчысы Кадыр Бечелов ырастаган жок:

- Өзбекстандык бир-эки аял айыл өкмөт башчынын жакасына асылып, айрылса айрылып кеткендир. Бирок бирөөнү-бирөө уруп-сабоо деген факты болгон жок. Өзбекстандык чек арачылар «чек арадан өтсөңөр, биз да, тигилер да (кыргыз чек арачылары дегени) мыйзамга ылайык чара көрөбүз" дешип, чек ара мыйзамын сактап калышкан, – деди Кадыр Бечелов.

Чек ара жанжалдарын болтурбоонун ыкмасын ал чек араны бекемдөөдөн көрөт:

- Чек ара линияларын бекемдөө керек. Дүйнөлүк чек ара линияларында кандай каражаттар пайдаланыла турган болсо, биз дагы эки республиканын ортосунда ошондой эл аралык укуктардын негизинде чечүүбүз керек, - дейт коргонуу бөлүм башчысы.

Бейөкмөт «Эне айым» корунун төрайымы Бермет Султанова чек арада тартиптин жоктугунан өзбек атуулдары кыргыз аймагында каалаганын жасаганына капа:

- Өзбекстандык чек арачылар өз аймагын катуу коргошот. Биздикилерден постто бир-экөө эле турат, калганын көрбөйсүң. Чек ара корголбой жатат. Ошондуктан өзбекстандык атуулдар биз жакка каалаган убагында кирип, каалаганын жасоодо, - деди Бермет Султанова.

XS
SM
MD
LG