Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

АКШ АРМИЯСЫ ИРАКТАГЫ ТҮРМӨДӨГҮЛӨРДҮН КОДУЛАНЫШЫН ИЛИКТЕП ЖАТАТ


Кошмо Штаттардын аскерлери Багдаддын жанындагы түрмөдө ирак жарандарына зөөкүрдүк көргөзгөн фактылар боюнча иликтөө башталып, алты офицердин үстүнөн кылмыш иши козголду. "(Түрмөдөгүлөрдү кыйноо) Ирактагы америкалык аскерлерге мүнөздүү көрүнүш эмес" деп ырастады армиянын Ирактагы операцияларынын жетекчилеринин бири генерал Марк Киммит.

Кыргызстанда тартип коргоочулар кылмыш кылган деп шектелгендердин башына желим баштык кийгизип муунтушкан, же чала-жан кылып сабап, күлгө таштап салган өспүрүм дем алганда өпкөсү күлгө толуп өлгөн учурлар эл аралык отчеттордо катталган.

Өзбекстанда айыпкерлердин тырмагынын алдына ийне сайып, кайнак сууга салып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн учурлар да укук коргоочулар тарабынан документтелген.

Темир торго түшкөндөргө карата мындай ашынган зөөкүрдүк мамиле менен тааныштыгы барлар Ирактагы америкалык аскерлердин азыр ачыкка чыгып жаткан "кылыктарын" "баланын оюну" деши мүмкүн.

Ошого карабастан, америкалык аскерлердин ирактык айыпкерлерге ыдык көрсөтүүсү абактагылардын укуктарын коргоого алган Женева конвенциясын бузгандыкка жатат. Бул мыйзам бузуулар боюнча учурда АКШнын армиясында иликтөө башталды.

Ушул аптада америкалык сыналгы программасында көрсөтүлгөн сүрөттөрдүн биринде энеден туума жылаңачталган, башына кап кийгизилген эркектер бири-биринин үстүнө минип алышкан. Четте америкалык аскерлер, анын ичинде бир аял аларды карап, "азаматтар" дегенсип, бармактарын өйдө чочойтуп, шылдыңдай карап турушат.

Ирактагы америкалык аскерлердин айыпкерлерди кодулоосу жаңылык деле эмес. Январ айында офицерлердин зордукчулугун сүрөткө тартып алган бир аскер жогору жактагыларга арыз менен кайрылган. Ушул шаршембиде ошол арыз боюнча тергөө башталды.

"Бул аскер айыпкерлердин кордолушуна чыдап тура албаганда ушул кадамга барган" деп билдирди генерал Киммит.

Ошондой эле, мындан бир ай мурда АКШнын алты аскер полициячысы Багдаддын жанындагы түрмөдө 20 айыпкерге зомбулук көрсөткөнү үчүн аскердик трибуналда иши каралган. Армия жетекчилери айыпталган жети офицерге административдик чара көрүүгө кеңеш беришкен.

Ушул күндөрү британ гезиттери да британ аскерлери ирак түрмөсүндө айыпкерлерди сабап, үстүнөн жаба заара ушатып жаткан сүрөттөрүн басышты. Ушуга байланыштуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр 1-майда мындай деди:

- Aчык айталы, эгер чын болсо, бул таптакыр кабыл алууга болбой турган нерсе. Биз Иракка ушул сыяктуу нерселерден арылалы деп барбадык беле.

Генерал Киммит АКШнын армиясы алты аскер кызматкерине каршы кылмыш ишин козгогонун билдирди. Анын айтымында, коалиция абактагылардын укуктарынын бузулушу тууралуу бардык маалыматтарга олуттуу мамиле кылат.

"Биз коалициянын камагындагы бардык адамдарга сыйлоо жана адамгерчилик менен мамиле кылышыбыз керек" деди америкалык генерал.

Абактагылардын укуктарын коргоого адистешкен "Эмнести Интернэшнэл" же "Эл аралык Мунапыс" уюмунун маалыматтарына ылайык, америкалык абактан бошонуп чыккан ирактыктар уруп-сабоо, музыканы катуу ойнотуу, уйкудан калтыруу жана башына кап кийгизип, узакка кармоо сыяктуу кыйноолорго дуушар болгонун билдиришкен. Бирок мындай кыйноо канчалык кеңири таркаган көрүнүш экендигин уюм маалымдаган жок.

Дагы бир эл аралык укук коргоочу уюм "Хьюман Райтс Уотч" америкалык түрмө кызматкерлери айыпкерлерге ыдык көрсөткөн учурлар кадыресе көрүнүшкө айланганы жетиштүү фактылар менен ырасталбаганын билдирди.

АКШ армиясы Багдаддын жанындагы сөз болуп жаткан түрмөнү кайтарган аскерлер Женева конвенциясы боюнча атайын билим алышпаганын моюнга алды. Анын үстүнө мындай аскерлердин көбү резервде жүрүп, армияга убактылуу чакырылгандар экен. Болбосо, АКШ армиясында контракттык негизде кызмат өтөгөн аскерлер согуш кылмышкерлери боюнча атайын машыгуудан өтүшөт.

XS
SM
MD
LG