Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР АКТИВДЕШЕБИ?


Азиза Турдуева, Бишкек Учурда Кыргызстандагы саясий партиялар арасында “Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы долбоору талкууланууда. Андагы негизги талаш-тартыштуу пикирлер партиялардын облустардагы бөлүмдөрү каттоодон өтүшү керек деген норманын киргизилишине байланыштуу болуп жатат. Эксперттердин болжолунда, өлкөдө пропорционалдык системанын алынып салынышына карабастан, партиялардын парламенттик жана президенттик шайлоого жигердүү катышышы күтүлөт.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттары менен прзиденттин администрациясынын өкүлдөрү тарабынан даярдалган бул мыйзам долбоорунда “Саясий партиялар жөнүндөгү” мурдагы мыйзамда жок бир катар толуктоолор киргизилүүдө. Мыйзамды жаңылоонун зарылдыгы болсо аны Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтыруу жана өлкөдө саясий партиялардын өнүгүшү үчүн шарттарды жакшыртуунун керектигинен улам келип чыкты. Мыйзам долбоорунда талаш-тартыштарды пайда кылган беренелердин бири саясий партиялардын облустардагы бөлүмдөрү сөссүз түрдө каттоодон өтүшү керек деген норманын киргизилиши болуп жатат. Айрым партиялардын пикиринде, мындай тартиптин киргизилиши Кыргызстан үчүн азырынча эртелик кылат. “Атамекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев да ушундай пикирде:

- Эгерде бүгүнкү саясий партиялардын андай талаптарды аткарганда мүмкүнчүлүктөрү болбосо, эгер бул бийликке жасалма түрдө партияларды чектөөгө мүмкүндүктү түзүп бере турган болсо, анда мындай норманын киргизилиши эртелик кылат деп эсептейм.

Ал эми “Элет” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Ташполот Балтабаев “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзам өлкөдө партиялардын өнүгүшү үчүн керектүү шарттарды түзө албайт деп эсептейт:

- Биз мындай тартип менен саясий партиялардын биригүүсүн, күчүн, коомдогу таасирдүүлүгүн күчөтө албайбыз.

Ал эми борборчул көз караштагы кээбир партиялар болсо, тескерисинче, партиялардын облустардагы бөлүмдөрүнүн каттоодон өтүшү, алардын борбордогу гана эмес, жер-жерлердеги да ишини активештирет. Бул жөнүндө “Менин өлкөм” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Курманбек Дыйканбаев:

- Эң биринчиден жаманбы, жакшыбы региондо иштегенден кийин, тамыр деген тереңде башталат, бизде деген баарыдыгы эле борбордо болуп, ылдый жакта тамыр жок болуп жатпайбы. Ошол саясий партиялар ошондой офистери болсо, чын эле региондордо отделениелер иштесе элдердин талабын талашып, элдин үнүн укмак.

Мыйзам долбооруна киргизилип жаткан дагы бир өзгөртүү саясий партиялардын өкмөт тарабынан каржыланышына байланыштуу. Мындай саамалыкты өлкөдөгү дээрлик бардык партиялар колдошууда.

Бирок, көпчүлүк саясий партиялар жаңы Конституцияга ылайык пропорционалдык шайлоонун алынып салынгандыгына нааразылыктарын билдиришүүдө. Айрым оппозициялык көз караштагы партиялар белгилешкендей, өкмөтчүл партиялар шайлоонун пропорционалдык эмес, тескерисинче, мажоритардык системасын колдошууда. Анткени, бир мандаттуу округдарда административдик ресурстарды толук пайдаланууга мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк болот. Ал эми пропорционалдык системанын киргизилиши парламентке оппозициялык күчтөрдүн көбүрөөк келишине мүмкүнчүлүтөрдү түзөт.

Кыргызстанда пропорционалдык системанын алынып салынышына карабастан, эл аралык коомчулук, көптөгөн эл аралык укук коргоо уюмдар, Кыргызстандагы келээрки парламенттик жана президенттик шайлоодон көптү күтүшүүдө. Эксперттердин болжолунда Кыргызстандагы эмки парламенттик жана президенттик шайлоолор Борбор Азиянын башка өлкөлөрү үчүн үлгү болуп калышы ыктымал.

Шайлоо Кодексине ылайык, саясий блокко бириккен партиялар президенттикке талапкерди көрсөтө алышат. Мисалы, маалым болгондой, “Арнамыс”, “Атамекен” социалисттик, «Эл» жана «Кыргызстан социал-демократиялык» партиялары бириккен Элдик Конгресстин атынан 2 талапкердин көрсөтүлүшү күтүлүүдө. Бул жөнүндө аталган Конгресстин төрагасы, Өмүрбек Текебаев:

- Биз буга чеийн коомчулукка маалымдагандай, президенттикке талапкерликке блоктун атынан Феликс Куловду жана Алмаз Атамбаевди көрсөтөбүз. Эгерде кандайдыр бир себептер менен Кулов менен Атамбаев шайлоого бара албай калса, анда, кырдаалга жараша дагы башка бирөөнү көрсөтүшүбүз мүмкүн.

Курамына «Эркиндик», «Республика», «Асаба» кайра жаралуу сыяктуу партияларды бириктирген «Эл үчүн» саясий блогу да буга чейин президенттике талапкер көрсөтө тургандыгын билдирген. Бирок, талапкердин ысымы азырынча белгисиз. Ал эми «Алга Кыргызстан» партиясына «Жаңы Заман», «Кооператорлор», «Манас эл» жана «Пенсионерлер», «Биримдик» партиялары бирикти.

Мындан ары да алдыдагы шайлоолордун жакындашы менен, өлкөдөгү 40тан ашуун саясий партиялардын арасында биригүү, ирилешүү жараяндарынын орун алышы күтүлөт.

Кээбир саясий партиялардын көз карашында пропорционалдык шайлоо системасы киргизилмейинче, өлкөдө саясий реформа алдыга жылбайт.

XS
SM
MD
LG