Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР А.ШАРОНДУН ПЛАНЫ БИРОТОЛО ОЙРОН БОЛДУБУ?


Израилди башкаруучу “Лихуд” партиясы премьер-министр Ариел Шарондун жөөт аскерлерин жана жөөт тургундарын Газа тилкесинен чыгарып кетүү жөнүндөгү планын колдогон жок. Жекшемби күнү өткөн бул добуш берүүнүн жыйынтыгы, талдоочулардын айтымында, АКШ президент Жорж Буштун администрациясын осол абалга койду. Ак Үй Шарондун планын эл аралык коомчулуктун сындоосуна карабастан колдоп жаткан эле.

Премьер-министр Ариель Шарондун планына ылайык, Газа тилкесиндеги израилдик аскерлер жана буердеги 7, 5 миңдей жөөт тургуну өлкөнүн ичкери бөлүгүнө чыгарылып кетиши шарт. Палестин тарап Батыш Иорданда төрт жөөт маалесин калтырууга уруксат бериши абзел. Азыр Батыш Иорданда бардыгы 120 жөөт маалеси бар. Израил армиясы Палестина автономиясына караштуу бул жерлерди араб өлкөлөрү менен болгон 1967-жылкы Алты күндүк согуш учурунда басып алган.

Жекшемби күнү башкаруучу Лихуд партиясынын мүчөлөрүнүн 60 проценти Шарондун мындай планына каршы чыгышты. Добуш берүү палестиналык согушчан Газада боюнда бар израилдик катынды жана анын төрт кызын атып өлтүргөндөн кийин болду.

Газанын тургуну, израилдик жаран Ривка Гольдшмидт айым добуш берүүнүн жыйынтыгын жөөт конуштарын коргоо кыймылынын ийгилиги деп баалады:

- Бул премьер-министр Ариел Шарон үчүн өтө күчтүү эскертүү экенин биз чындап сездик. Өлкө ага: “Сен азыркы планыңды ташта да, Израилге каршы эмес, мурдакыдай Израил үчүн согуш”, - деп айтты.

Лихуд партиясынын Шарондун планын колдобой койгону жөөт келгиндери үчүн жеңиш болсо, пландын жактоочусу Буш үчүн жеңилүү болду. Ал 14-апрелде Израил басып алган жерлеринин баарын кайтарып бербейт жана палестин качкындарынын Израилге кайтып келүүсүнө уруксат бере албайт сыяктанат деп, палестин жетекчилигинин, ошондой эле араб өлкөлөрүнүн катуу сынына кабылган.
Палестин премьер-министри Ахмед Корейи:

- Бизди палестиналыктардын укуктарын коргоо, алардын кайтып келүү укугу, өз алдынча болуусу, борбору Иерусалим болгон Палестина мамлекетин түзүүсү тынчсыздантат.

Кошмо Штаттардын таасирлүү “Вашингтон Пост”, “Лос Анжелес Таймс” жана башка гезиттеринин жазышынча, Ликуд партиясы Шарондун планына каршы добуш берип, Буштун Жакынкы Чыгыш саясатына “катуу сокку урду”.
Буштун администрациясы Шарондун планы израилдиктер менен палестиналыктар ортосундагы 3, 5 жылдан бери созулуп келаткан чатакты басууга мүмкүндүк берет деген үмүттө эле.

Кээ бир эксперттердин пикиринче, Шарондун планын арабдар да, палестиналыктар да түшүнүшкөн жок. Лондондук талдоочу Йоши Мекелбердин айтышынча:

- Палестиналыктар жана араб өлкөлөрүндө планды Вашингтон менен Иерусалимдин өкүмзордугу деп түшүнүштү. Бул палестиналыктар жана палестин жетекчилиги менен масилээтсиз жасалган бир жактуу план болду. Алар планды Араб-Израил чатагын жөнгө салуудагы биринчи кадам деп баалашкан жок. Алар планды өкүмзордук катары көрүштү.

Ариель Шарондун сөзүнө караганда, ал премьер-министрликтен кетпейт жана өз планын ишке ашыруу аракетин жасай берет. Бирок, байкоочулар Шарон партиялаштарынын колдоосуна жетпегенден кийин бир кыйла алсырай түштү, ошон үчүн көздөгөн оюн ишке ашырары күмөндүү дешет.

Израилдин протфелсиз министри Узи Ландау билдиргенге караганда, Лихуд партиясынын мүчөлөрү жөөттөрдүн Газадан чыгып кетүүсүн палестиндер өз жеңиши катары баалашат деп, Шарон сунуш кылган планга каршы болушкан.
Ландау:

- Добуш беүрүүнүн натыйжасы Лихуддун көпчүлүк мүчөлөрү түпкүлүгүндө террорчуларды колдогон планды колдоого барбасын көрсөттү. Бул өтө чоң жышаан.

XS
SM
MD
LG