Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

ГРУЗИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ АЖАР ЛИДЕРИНЕ УЛЬТИМАТУМ КОЙДУ


Грузиянын президенти Ажар автономиясынын бийликтеринин алдына ультиматум койду. Расмий Тбилисинин шартына ылайык, Ажария он күндүн аралыгында Грузиянын Конституциясына баш ийиши, жергиликтүү топторду куралсыздандырууну башташы керек. Эгер жогорудагы талап аткарылбаса, Ажариянын азыркы бийлиги таратылып, автономияда кезексиз шайлоо жарыяланат.

Расмий Тбилиси менен Ажариянын мамилеси былтыр жыл соңунда Грузияда бийлик алмашкандан кийин курчуган. Андан бери эки тараптын ортосунда тирешүү сакталууда. Бийликтин алмашуусуна алып келген былтыркы ноябрдагы парламенттик шайлоодо ажар автономиясынын лидери Аслан Абашидзенин Кайра жаралуу партиясы жеңүүчүлөрдүн бири болгон эле. Бирок Грузиядагы "жибек революциясынан" кийин бул шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылганы белгилүү. Ал эми быйыл мартта өткөн кайта шайлоонун натыйжасында грузин парламентинин партиялык тизме үчүн бөлүнгөн 150 орунунун 135и азыркы президент Михаил Саакашвилинин партиясына тийди. Ажар автономиясынын лидери Аслан Абашидзенин партиясы болсо талап кылынган 7%дык чекти багындырбагандыктан бир да орун алган жок.

Шайлоо жараяны да борбордук өкмөт менен автономия бийликтеринин кайым айтышуулары менен коштолгон эле. Ал турсун борбордук өкмөттүн өкүлдөрүнө парламенттик шайлоону Ажарияда уюштуруу үчүн ажар бийликтери менен бир нече ирээт сүйлөшүү жүргүзүүгө туура келген. Парламенттик шайлоо жараяны учурунда бир ирээт грузин президентин Ажариянын аймагына өткөрбөй да коюшкан эле. Ушундан соң расмий Тбилиси ажар бийликтерин каржылык булактан ажыратуу максатында экономикалык санкция киргизип, сүйлөшүүлөрдөн кийин кайра жойгон болчу. Бирок андан бери Тбилиси Ажарияны ошол макулдашууларды аткарбаганы үчүн да айыптап келүүдө.

Ал эми ушул жекшемби күнү Ажария тарап автономияны Грузиянын калган аймагы менен байланыштырган көпүрөлөрдү жардырып жиберди. Ажар лидери Аслан Абашидзе муну борбордук өкмөттүн аларга каршы багытталган аскерий операциясын алдын алууну көздөгөн иш чара катары мүнөздөдү. Жекшембиде Грузия Ажария менен чектеш аймактарында жердеги жана деңиздеги ири аскерий машыгууларын аяктаган эле. Ажар бийликтери аталган машыгууну аскерлерди автономиянын аймагына киргизүү үчүн көрүлгөн даярдык ирээтинде кабылдаган.
Көпүрөлөр жардырылган соң грузин президенти Михаил Саакашвили ажар лидери Аслан Абашидзеге ультиматум койду. Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жекшембидеги жыйынынан соң Саакашвили буларды жарыялады:

-Ал автономияда мыйзамдуулукту орнотушу, куралсыздандырууну башташы керек. Эгер булар он күндүн ичинде аткарылбаса, мен Грузиянын президенти катары конституциялык укугумду колдонуп, жергиликтүү бийликти таратам. Ажариянын аймагында бир эле учурда республиканын автономиясын, демократиялык статусун сактоо, атуулдарга эркин тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.

Михаил Саакашвили ошондой эле ажар лидери адам укуктарын тебелөөнү, камоолорду токтотуш керектигин кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, жекшембиде Ажарияда жүргөн жеринен бир нече журналист токмок жеген. Аслан Абашидзе болсо өз тарабынан грузин президентин автономиянын үстүнөн үстөмдүктү күчөтүүнү көздөп жатканы үчүн айыптап келүүдө.
Соңку окуялардан улам Европа Кеңеши Грузия менен Ажарияга кайрылып, тараптарды жаңжаалга жол бербөөгө чакырды. Ал эми Орусия Грузияга Ажарияга каршы күч колдонуу өтө олуттуу кесепеттерге алып бараарын эскертти. Ажариянын борбору Батумиде Орусиянын аскерий базасы бар экени маалым.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG