Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:46

ЭЛ АРАЛЫК УЮМДАР МАМЛЕКЕТ БАШЧЫСЫНА КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОШТУ


Бакыт Аманбаев, Бишкек «Азаттыктан» мурда кабарлангандай, 24-апрелде Бишкекте «Республика» газетасынын башкы редактору Замира Сыдыкованын 21 жаштагы уулун белгисиз бирөөлөр уруп кеткен. Буга байланыштуу 3-майда «Human rights watch» жана “Чек арасыз репортерлор» аттуу эл аралык уюмдар президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдошуп, мамлекет башчысынан тергөө ишин жүргүзүүгө, Кыргызстандагы эркин журналистерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.

24-апрелде Бишкектеги «Эдем» кафесинде «Республика» газетасынын башкы редактору Замира Сыдыкованын 21 жаштагы уулу Чынгыз Сыдыковду белгисиз төрт адам сабап кетишкен. Башы бир нече жерден жарылып, денеси көгала болгон Чынгыз Сыдыков учурда ооруканда дарыланууда. Замира Сыдыкова 3-апрелде «Азаттыктын» кабарчысына ал буга чейин уулунун сабалышы боюнча Ички иштер министрлигине, президенттик администрацияга кайрылса да бир нече күндөн бери тергөө иши жеткиликтүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгын маалымдады.

Ошондой эле Замира Сыдыкова баласынын аны ким сабагандыгы тууралуу так көрсөтмө берсе да, күнөөлүү делингендер эмдигиче кармалбай боштондукка жүргөндүгүн кошумчалады:

- Бир нече күндөн бери тергөө жүрбөй жатат. Менин балам аны кимдер сабагандыгын айтып, көрсөтмө берген. Ошондой болсо да ички иштер министрлигинин өкүлдөрү «тойдо эки тарап түшүнбөөчүлүк менен мушташып кетишкен» деп тергөө ишин жүргүзбөй жатышат. Мен бул тууралуу президенттик администрациянын башчысынын орун басары Болот Жанузаковго айттым.

Ошондой эле Замира Сыдыкова уулунун сабалышын «Республика» гезитинин соңку номурларында ички иштер министрлигиндеги паракорлук жана министиликтин кылмыш дүйнөсү менен байланышы бардыгы тууралуу сын макалалардын жарыяланышы менен байланыштырды:

- Бул чыныгы саясий заказ. Анткени «Республика» гезитинин соңку номурларында ички иштер министрлигиндеги паракорлук, министрликтин кылмыштуу иштерге аралашкандыгы тууралуу бир нече макала жарыяланды. Менин оюмча баламдын сабалышы мына ушундан улам болду. Мен жакында ЕККУнун Бишкектеги жетекчисине да уулумдун сабалышын саясий заказ экендиги тууралуу айттым. Ал мен келтирген фактылардан улам сөзүмө ынанды.

3-май - эл аралык басма сөз күнү. Буга байланыштуу дүйшөмбү күнү «Human rights watch» жана чек арасыз репортерлор эл аралык уюмдары Аскар Акаевге кайрылуу жолдошуп, мамлекет башчысынан Замира Сыдыкованын уулуна байланыштуу тергөө ишин жүргүзүүгө, Кыргызстандагы эркин журналистерди жана алардын үй бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкуловдон алынган маалыматка караганда, Чынгыз Сыдыковдун сабалышы боюнча буга чейин эле Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары «Чынгыз Сыдыковду сабаган» деп шектелип, эки бала кармалды. Алардан эч жакка чыкпоо тууралуу кагаз алынып, учурда боштондукта жүрүшөт. «Ал эми тергөө иши Чынгыз Сыдыков оорукандан чыккандан кийин сотко өткөрүлүп берилет» дейт Жолдошбек Бусурманкулов:

- Буга чейин эле №5604496 номурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Тергөө ишинин жүрүшү Чынгыз Сыдыков оорукандан чыккандан кийин сотко өткөрүлүп берилет. Анткени кылмыш ишине Чынгыздын ооруканда канча күн жатышы керек, кандай жараат алгандыгы тууралуу маалымат камтылышы керек. Ошого ылайык айып тагылат.

Ошондой эле Жолдошбек Бусурманкулов Чынгыз Сыдыковдун сабалышын саясат менен байланыштырууга болбойт дейт:

- Бул жерде эч кандай саясаттын жыты жок. Анткени ички иштер министрлиги тойго барган балдарды мушташкыла деп айтпайт да. Ошондуктан Замира Сыдыкованын уулунун сабалышын саясат менен байланыштырыш туура эмес. Ошондой эле Замира өзүнүн коопсуздугу боюнча камтама болбой эле койсо болот. Тергөө ишинен жеткиликтүү жыйынтык чыгат.

Сыдыкованын уулунун сабалышы боюнча эл аралык уюмдардын мамлекет башчысы Аскар Акаевге кайрылуусунан кандай жыйынтык чыгарын убакыт көрсөтпөсө, ал боюнча азырынча президенттин басма сөз кызматы кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартышты.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG