Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

ИРАКТАГЫ ШАЙЛОО ӨЗ МӨӨНӨТҮНДӨ ӨТКӨРҮЛӨТ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын шайлоо системалары боюнча кызматынын деректири Карина Переллинин пикиринде, Иракта шайлоо өткөрүү жараяны план боюнча жүрүп жатат жана добуш берүү өз мөөнөтүндө өткөрүлөт. Ирак боюнча Бириккен Улуттардын атайын өкүлү Лахдар Брахиминин айтымында, 30-июндан кийин азыркы Башкаруучу кеңеш жоюлат жана анын ордуна жаңы убактылуу өкмөт түзүлөт.

Жалпы элдик шайлоо Иракта 2005-жылдын 31-январында өткөрүлүүгө тийиш жана Карина Переллинин айтымында, ага даярдыктар азыр - белгиленген мөөнөттөн да мурда жүргүзүлүп жатат. Бириккен Улуттардын атайын эксперттик тобу жакында Иракта эки апта бою жүрүп, жагдай менен жеринде таанышып келди. Азыр эксперттер өлкөнүн шайлоо комиссиясын түзүү үстүндө иштеп жатат, ал жети адамдан турат.

Переллинин айтымында, кээ бир саясий партиялар же коомдук уюмдар жана кээде кеңири коомчулук дагы - кайсы партия же улуттук топтун мүчөлөрү канчалык көп болсо, алар комиссияда ошончолук көп орунга ээ болууга тийиш деп ойлойт. Чындыгында андай эмес, шайлоо комиссиясына - эч бир партияга же улуттук топко жан тартпаган, көз карандысыз адистер тандалат жана анын курамын аныктоо 31-майга чейин аяктоого тийиш.

Январда Улуттук ассамблея деп аталган 275 орундуу парламенттен тышкары өлкөнүн бардык 18 провинциясында жергиликтүү шайлоо жана Ирактын түндүгүндө жашаган күрддөр арасында өзүнчө улуттук шайлоо да өткөрүлөт.

30-июнда болсо Ирактагы америкалык башкаруучулук бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүгө тийиш жана ага чейин калган эки айдын ичинде өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн мүчөлөрүн тандап бүтүү керек. Ал маселе үстүндө азыр Бириккен Улуттардын Ирак боюнча атайын өкүлү Лахдар Брахими иштеп жатат. Өткөн аптада ал Парижде болуп, президент Жак Ширак менен жолуккан, 3-майда болсо Брахими Лондондо Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен кездешип, маселени талкуулады. Брахиминин айтымында, Ирактын азыркы Башкаруучу кеңеши 30-июндан кийин таркатылат жана өлкөдөгү бардык саясий маселелер үчүн өзүнө жоопкерчиликти ала турган убактылуу өкмөттө төрага, төраганын эки орун басары жана премьер-министр дайындалат.

Америкалык аскерлер болсо өлкөдө дагы калат жана алар коопсуздук маселелерин камсыз кылуу үчүн жооптуу болот. Переллинин айтымында, коопсуздук азыр Иракта эң негизги маселе жана эгер өлкөдө коопсуздук камсыз кылынбаса, эч кандай шайлоо жөнүндө сөз кылуу да мүмкүн эмес: "Албетте, бир нерсе баарыга айкын болууга тийиш - коопсуздук жагдайы жакшырбаса, шайлоо өткөрүү жараянына Бириккен Улуттар катышуудан баш тартат. Башка коомдук уюмдарга дагы ошондой сунуш кылынат, эгер коопсуздук болбосо, коомдун чыныгы өкүлү болгон бийликти тандоо боюнча шайлоо өткөрүү мүмкүн болбойт.

Ооганстанда дагы коопсуздук маселелери толук чечиле элек болгондуктан, июнга белгиленген жалпы элдик шайлоо сентябрга калтырылды. Өткөн апрел айы болсо америкалыктар үчүн Иракта эң оор ай болду, ар башка куралдуу кагылышууларда жүздөн ашык америкалык аскер окко учуп, ирактык туткундардын адам укуктарын америкалык кайтаруучулар орой бузган деген маселе да чыкты. Бир ай бою америкалык курчоодо жаткан Фаллужа шаарында тартип орнотуу үчүн атайын жаңы бригада түзүлдү жана аны башкарууга ирактык генерал Мохамед Латиф дайындалды. Алгач бул орунга башка генерал Мохамед Салех көрсөтүлгөн, бирок Башкаруучу кеңеш ага каршчы чыкты.

XS
SM
MD
LG