Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

ЕВРОБИРИМДИК МЕНЕН ИРАНДЫН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮ ЖЫЙЫНТЫКСЫЗ АЯКТАДЫ


Шаршембиде Ирандын тышкы иштер министри Камаль Харрази Европа турнесинин алкагында Брюсселде болду. Министрдин бул сапары Евробиримдик менен Ирандын соода алакалары боюнча сүйлөшүүлөрүн жандантууга багытталган. Буга байланыштуу биримдиктин расмий өкүлдөрү Брюссел Ирандагы соңку шайлоолордун жүрүшүнө нааразы экенин, Тегерандын өзөктүк программасы да бир топ күнөм саноолорду туудуруп жатканын белгилешүүдө.

Европа комиссиясынын төрагасы Романо Продинин басма сөз өкүлү Рейхо Кемпинен дүйшөмбүдө өткөн жолугушууга өтө кыскача токтолду:

- Президент менен жолугушуу маалында эки тараптуу кызматташуу талкууга алынды. Проди менен Харрази Брюссел менен Тегеран ортосундагы диалогду кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн сөз кылышты. Бирок бул маселенин деталдары каралган жок. Алар комиссар Крис Паттен менен сүйлөшүүлөрдө талкууланат.

Арийне, Харрази менен Паттендин жолугушуусу да жыйынтык берген жок.

Еврокомиссиянын бир өкүлү белгилегендей, Биримдик Иран менен алакалары үчүн болгон аракетин жумшады, Тегеран шаркет үчүн маанилүү өнөктөш. Бирок Иран эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн жетиштүү деңгээлде иш алып барган жок.

АКШ Иранды "балекеттин үчилтигине" киргизип, терроризмди колдогон өлкөлөрдүн арасына кошкондо Брюссел мындай айыптоолорду четке кагып, өзүнчө стратегия иштеп чыккан. Евробиримдик Иранга кирешелүү соода алакаларын сунуш эткен. Бул үчүн Тегеран өкмөтү өлкөдө саясий реформаларды жүргүзүүгө тийиш болчу. Бирок бул сүйлөшүүлөр былтыр июн айында Ирандын өзөктүк долбоору ачыкка чыгып калганда токтоп калган эле.

Брюсселдин ырастоосунда, бир жылдан кийин деле Иранда адам укуктары жаатындагы абал жакшырган жок. Өзгөчө быйылкы парламенттик шайлоодон жүздөгөн реформачыл талапкер четтелгенде, эки тараптуу диалогдун маанайы кескин өзгөрүп кетти.
Евробиримдик Ирандын өзүнүн өзөктүк программасына айкындык киргизбегени да өтө өкүнүчтүү деп эсептейт.

Жакында Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик Иран уранды байытуу долбоорун убактылуу токтоткону менен бул процесске керектүү жабдыктарды сатып алууну улантып жатканын далилдеген.

Былтыр күзүндө Германия, Британия жана Франция бейпилдик максатындагы өзөктүк программаны өнүктүрүүгө жардам берүүнү сунуш эткен. Бул үчүн Тегеран эл аралык инспекторлорду бардык тиешелүү жайларга коё берүүгө тийиш эле.

Бирок тараптар бул маселени ар башка түшүнгөн өңдөнөт. Иран агенттиктин текшерүүчүлөрү жөнүндөгү протоколго кол коюлуп, уранды байытууга мораторий жарыяласа эле, бул - Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдү баштоого жетиштүү деп ойлогон. Бирок биримдикке кирген кээ бир мамлекеттер мораторий узак мөөнөттүү болуш керек деп эсептешет.

Эми Брюссел Атомдук кубат боюнча агенттиктин жетекчиси Мохамад Эл Барадейинин Иран боюнча дагы бир докладын күтүп жатат. Демек, Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү жандантуу жөнүндөгү маселе июлга чейин чечилбейт.

XS
SM
MD
LG