Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

КЫРГЫЗСТАН КОНСТИТУЦИЯНЫН 11 ЖЫЛДЫГЫН БЕЛГИЛЕП ЖАТАТ


Бүгүн Кыргызстанда Конституция күнү. Мындан 11 жыл илгери “легендарлуу парламент” тарабынан кабыл алынган өлкөнүн Башмыйзамы ала арада 4 ирет өзгөртүлдү.

Конституциянын антип тез-тез өзгөрүлүп турушун бийлик тараптагылар коомдук өнүгүүлөрдүн ыкчам жүрүп жаткандыгы менен байланыштырышат. Андай пикирди жактырбагандар Башмыйзам президенттин жеке бийлигин чыңдоо аракетинде өзгөртүлөт деп эсептешет.

- Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын 1994-жылы президент өзүнө алып алган,- дейт Кыргызстан коммунисттеринин жетекчиси Абсамат Масалиев.

Президент Аскар Акаев болсо Конституциянын оңдолуп-түзөлүп жатышын мындай негиздеген жери бар:

- Эл ишеними, көпчүлүктүн колдоосу, мен муну башта да айттым, февралдагы референдумда кыргызстандыктардын колдоосу мага чоң арка-бел болуп, демократия жолунда бекем турууга, калбаат ички жана тышкы саясатты жүргүзүүгө дем берди.

XS
SM
MD
LG