Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

ФАЛЛУЖА БРИГАДАСЫНА КИМ КОМАНДАЧЫ БОЛОТ?


Кошмо Штаттардын аскерий жетекчилиги Ирактын мурдакы Республикачылар гвардиясынын генералы Жасим Мохаммед Салехти Фаллужадагы Ирак коопсуздук күчтөрүнүн башчысы кылып дайындоо жөнүндөгү баштапкы планынан баш тартты. Фаллужага жайгаштырылчу ирактык күчтөрдүн башчылыгына генерал-майор Мохаммад Латиф дайындалчудай болууда. Латиф мурда коопсуздук кызматында иштеп, Саддам бийлигинин акыркы жылдары сүргүндө жүргөн. Генералдарды алмаштыруу Фаллужада тынчтык орнотууга мүмкүндүк береби, азырынча белгисиз.

Америкалык аскерий төбөлдөрдүн адегенде мурдакы Республикачыл гвардиянын генералы Жасим Мохаммед Салехти Фаллужага жайгаштырылып жаткан ирактык бригаданы жетектейт деп, кийин ал кызматка Мохаммед Латифтин талапкерлигин кароосу түрдүү ой-жорууларды пайда кылды. Болбосо, АКШлык аскерлер Жасим Мохаммед Салехтин өзү туулуп өскөн Фаллужага тартип орнотуу үчүн киргизилчү ирактык күчтөргө командачы болуп тандалганын оң жышаан катары баалашкан эле.

Салех өткөн аптанын этегинде Фаллужага жаңы бригаданын бир нече жүз аскери менен киргенде, аны шаардыктар менен адаватчылар жылуу тосуп алышканы кабарланган.

Бирок АКШнын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими, генерал Ричард Майерс дүйшөмбү күнү маалымат булактарын “натуура кабар” таратты деп сындап, Латифти дайындоо америкалык жана ирактык ырасмий адамдардын текшерүүсүнүн жыйынтыгына байланыштуу болоорун эскертти:

- Силер кеп кылган генерал Салехтен башка дагы бир генерал бар. Ал – Мохаммед Латиф. Ал азыр кылдат текшерилүүдө. Биз Латиф жөнүндө Ирактын коргоо министри жана Коалициянын убактылуу администрациясы менен сүйлөштүк.

Майерс ошондой эле АКШлык аскерлер Фаллужанын тарабынан чыгарылып кетпесин, алар козголоңчулардын өңүттөрүнө чабуул жасоого даяр турушканын билдирди.

Саддамдын тушунда өлкөдөн качууга мажбур болгон Латиф Ирактын жаңы коргоо министри улуттук армияны түзүүгө чакырган аз сандагы эски генералдардын бири.

Ак Үйгө жакын “Вашингтон Пост” гезити шейшемби күнү жазганга караганда, Салех эми бригаданын курамындагы үч батольондун бирине командир болот.

Окуянын америкалыктар ойлогон нукта өнүкпөй калышына АКШ дайындаган Ирактын башкаруучу кеңешинин шиит мүчөлөрүнүн Саддамдын режими менен кызматташкан Салехке окшогон адамдардын жардамы менен өлкөдө тынчтык орнотууга каршы чыгуусу себеп болду.

Шиит саясатчы Ахмед Чалаби мурда өлкөнү башкарган БААС партиясында бийик кызмат ээлеген адамдарды жооптуу орундарга коюу “Ирактын коопсуздугуна жана келечегине олуттуу коркунуч туудурат” деп, АКШлыктардын Салехти кызматка тартуу планына башынан эле ылайык таппаганын ачык билдирген.

Салехтин батальону, шиит лидерлеринин айтымында, 1991-жылкы шиитердин Саддамга каршы көтөрүлүшүн басууга катышкан. Күрт жетекчилери да Салехти күрттөрдүн козголоңун басканга катышкан дешүүдө.

Латиф Фаллужа бригадасына командачы дайындалат деген кабардан улам, байкоочулар Вашингтон шиит жана күрт жамааттарынын пикирин эске алууда деп боолгошууда. Саддамдын кезинде өлкөнү суннит азчылыктары бийлеген. Лондондук талдоочу Тим Гардендин айтышынча:

-Эски режим менен кызматташкан кимдир-бирөөнүн айланасында күтүүсүз талаш болду. Америкалык бийликтер Салехтин жетекчилик сапаты алар күткөндөй мыкты эмес экенин көрүшкөндөн кийин, башка бирөөнү издеп жатканы анык.

АКШлык ырасмий адамдарга маалым болгондой, Салехтин Фаллужада чет элдик согушчандар жок деген сөзү жага бербеген.

Фаллужа бригадасы мурда армияда кызмат кылган ирактык жоокерлерден түзүлүп, аны каруу-жарак менен толук бойдон америкалыктар жабдыган. Бригадага шаардагы козголоңду басуу жана чет элдик деп шектелген 200 согушчанды камакка алуу милдети жүктөлгөн.

XS
SM
MD
LG