Афинадан келген маалыматтарга караганда, жардыруунун алдында ал тууралуу жергиликтүү гезиттердин бири эскертүү алган экен. Бирок жарылууга он эле минут калгандыктан полиция коюлган бомбаларды зыянсыздандырууга үлгүргөн жок. Телефон чалган адам жардыруулар эмне үчүн жасалып жатканы, ким жоопкер болоору жөнүндө эч нерсе айткан эмес.
Полициянын ишениминде, грек башкалаасынын калк жыш жашаган районунда болгон жардыруу алдын ала ишара кылынганына карабай, ириде атуулдарга да залал келтирүүнү көздөгөн болушу мүмкүн. Адегенде алгачкы эки бомба беш мүнөттүн аралыгында жарылган. Үчүнчү жардыруу жарым сааттан кийин, полиция катылган бомбаны издеп жаткан учурда болду. Андан бир полицей жеңил жаракат алган.
Айтор, жарылуудан полиция бекетине жана анын айланасындагы имараттарга гана зыян келгени менен мунун Грециядагы жайкы Олимпиадага туура жүз күн калганда болушу, кооптонууларды жаратпай койгон жок. Анын үстүнө, бутага алынган полиция бекети да олимпиадага келүүчү расмий адамдар жашай турган мейманканаларга жакын жайгашкан.
Быйылкы Олимпиада АКШдагы, Индонезиядагы, Испаниядагы ири террактардан кийин алгачкы ирээт өтүп жаткандыктан, анын коопсуздугун камсыз кылуу - грек бийликтеринин алдындагы эң негизги милдеттердин бири. Эл аралык басма сөздө жарыяланган маалыматтарга караганда, Олимпиаданын коопсуздугун камсыз кылуу иштери 1 миллиард еврого жакын каражатты талап кылууда. Маселен, байкоо салуучу камераларды бүткүл Афина боюнча орнотуу пландалган. Бул система азырынча толук иштей элек. Мындан сырткары Олимпиада күндөрү коопсуздукка абадан да көзөмөл салынмакчы.
Учурда Грециянын коомдук тартип министри баштаган делегациясы Олимпиаданын коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан иш чараларды талкуулоо үчүн Кошмо Штаттарында жүрөт. АКШнын жана Европанын расмий өкүлдөрү буга чейин эле Олимпиада өтүүчү жайлардагы курулуш иштеринин кечеңдеши, ал жерлерде күн мурунтан коопсуздук боюнча сыноолорду өткөрүүгө жолтоо болуп жатканына тынчсыздануу билдиришкен эле.
Грек бийликтери ырастап келе жаткандай, өлкөдөгү террордук топтор азыр мурдагыдай күч–кубатка ээ эмес. "17-ноябрь" деген ат менен 1975-жылдан бери аракеттенип жүргөн террордук топ 2002-жылы таркатылгандан бери жардыруулардын саны чын эле азайган болчу.
Ага карабай, түрдүү майда топтор Афинада жана башка шаарларда жардырууларды, өрттөрдү уюштура калып жүрөт. Алар бута катары көбүнесе коммерциялык жайларды, өкмөттүк мекемелерди алышат. Маселен, Афинада былтыр сентябрь айында соттордун кеңселери жайгашкан имаратта жарылуу болгондо да бир полицей жаракат алган.