Түштүк жана Чыгыш Ооганстандагы кол салуулар үчүн жооптуу “Хезб-и-Ислам” кыймылынын бир канаты тынчтыкта жашоону каалаганын жана АКШ колдогон Хамид Карзайдын өкмөтү менен кызматташууга макул экенин билдирди. Карзайдын үндөөсүнө оң жооп кайтарган бу топтун ичинде кыймылдын туу башы Гулбиддин Хекматияр жок. Бирок, талдоочулар радикалчыл ислам уюмунун мүчөлөрүнүн элдешүү жөнүндөгү мүдөөсүн өлкөдө “тынчтыкка болгон умтулуу кеңири кулач жая баштаганын” тастыктаган жышаан катары баалашты.
Өзүн “Хезб-и-Исламинин” башкаруучу кеңешинин төрагасы деп тааныштырган Халид Фаруки жекшемби күнү Кабылда өткөн маалымат жыйынында уюмдун ал жана башка мүчөлөрү согуштан тажашканын жана өлкөнү кайра курууга жардамдашууну каалашканын жарыя кылды:
- Биз зобун-зордукту жек көрөбүз жана уруш Ооганстанды кайра курууга кызмат кылбасын түшүндүк. Оогандар ортосунда мунаса болсо гана элде өз ара ишеним жаралып, бардык проблемаларды чече алабыз.
“Хезб-и-Исламинин” башка бир мартабалуу мүчөсү, Жалалабад шаарынын мурдакы акими Абдул Гафар Каряб болсо өкмөт менен болгон жашыруун сүйлөшүүдөн кийин анын тобунда Карзайдын чакыруусуна “ишенич пайда болгонун” билдирди:
- Мен, “Хезб-и-Ислами” террорчулукту колдооруна ишенбейм. Биздин оюбузча, ким Ооганстандагы проблемаларды согуш жолу менен чечем десе, ал жаңылышат. Биз өкмөттүн оппонеттери элдешүүгө чакыруудабыз. Биз өкмөткө бул адамдарды тынчтык жараянына тартууну сунуш кылдык. Өкмөттүн жаңы демилгеси жалгыз “Хезб-и-Ислами” эмес, согушту каалаган башка бардык адамдарды тынчтык кыймылынын катарына кошот деген үмүттөбүз.
Халид Фарукинин сөзүнчө, ал жетектеген топ “Хезб-и-Исламинин” негиздөөчүсү, мурдакы премьер-министр Хекматияр менен үч жыл мурда бардык байланышты токтоткон. Ал 2002-жылы Ирандан куулуп чыккандан бери кайда экени белгисиз. Вашингтон “террорчу” деп жарыялаган Хекматияр бен Ладендин “ал-Каида” уюмуна кошулуп кетти деген шектенүү бар.
Фаруки ошондой эле ал башындагы топ америкалыктар машыктырган Ооган улуттук армиясын, аялдардын жогорку билим алуусун, эркин шайлоо өткөрүүнү жана лашкер башчыларга караштуу желдеттерди куралсыздандырууну колдоорун ырастады.
14 жыл бою Associated Press агенттигинин Ооганстан жана Пакистандагы кабарчысы болуп иштеген Кэти Гэннон айым Фаруки жана анын куралдаштарынын кадамына мындай баа берди:
- Алар эгер Хекматияр менен эч кандай байланышта болбосо, анда “Хезб-и-Исламдын” атынан иш жүргүзө алышпайт. Ошон үчүн, аларды өкмөттүн курамына кирүүнү каалаган адамдардын бир тобу деп атасак болот.
Кэти Гэннон ушу тапта Нью-Йорктогу Тышкы байланыштар кеңешинин мүчөсү.
Талдоочулар Ооганстандын түштүгүндө жана чыгышында уруш уланып жаткан шартта- Карзайдын айрым каршылаштарын саясый диалогго барууга көндүрүүсү, бул сентябрда болчу жалпы элдик шайлоо алдындагы чоң ийгилик дешет. Британиялык таанымал эксперт Майкл Гриффиндин айтышынча, Карзайдын адаватчыларды кызматташууга чакыруусуна АКШнын Мамлекеттик департаменти көпкө чейин көшөрүп каршы турган. Карзайдын үндөөсүн катардагы талибдер жана өкмөткө каршы турган башка топтор укса, өлкөдө “тынчтыкты орнотуу үчүн өтө маанилүү” деп кошумчалайт Гриффин:
- Пуштун көпчүлүгүнүн бийликти таануусу -Ооганчстандын кыска, орто жана узак мөөнөттүк кызыкчылыгына жооп берет. Өлкөнүн түштүгү менен чыгышындагы пуштун көпчүлүгү америкалыктарга жана өкмөттүк аскерлерге каршы айоосуз согушуп келет. Алар 2003-жылдын сентябрынан бери 400 ооган жоокерин катардан чыгарды. Ошон үчүн алар менен мунаса табуу зарыл. Аларды шайлоо өнөктүгүнө тартуу абзел.
Белгилей кетчү нерсе, көпчүлүк талибдер сыяктуу эле “Хезб-и-Ислами” кыймылынын уюткусун пуштундар түзөт.