Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

КРЕМЛДЕ ОРУС ПРЕЗИДЕНТИНИН ТАККА ОЛТУРУУ КААДАСЫ ӨТТҮ


Муса Мураталиев, Москва Март айында президент болуп кайра шайланган Владимир Путиндин такка олтуруу каадасы 7-майда өттү. Кремлдин кең сарайында салтанатты көрүүгө чакырылган коноктор бир миң жети жүзгө чукулдап барды. Мамлекет башчы Орусия Конституциясына алаканын коюп туруп, президенттик ант берди. Андан кийин коноктор алдында сөз сүйлөдү. Басылмалар президентти шайлоо маалында мыйзам бузуулар көп болуп, прокуратура жүзгө чукул кылмыш ишин козгогондугун жазып чыгышкан.

Орусия президентинин такка отуруу каадасы 7-май күнү чак түштө, айтылуу Кремлде өттү. Башмыйзамдын төртүнчү бөлүмүндө жазылгандай, президенттик анттын ар бир сөзү артык-кеми жок так болот. Каада үстүндө мамлекет башына ким келсе ал ошол айтылчу сөздү кайталашы керек. Мына ошондой “падышалык кебин” Владимир Путин чакырылган конокторунун алдында айтты.

Президент алаканы менен атайын чыгарылган Конституция китебинин бетин басып туруп ант берди. Ал китеп ар бир төрт жылда бир нуска болуп кайра басылып турат. Маселен, Конституциянын быйыл чыгарылган нускасынын тышы земзен териси менен тышталганын ИНТЕРФАКС агенттиги жазат.

1700гө чукул каадалуу конок алдында Путин мындай деди:

- Орусия Федерациясынын президенти полномочиесин жүзөгө ашырууда мен адамдын жана атуулдун эркиндиги менен укугун коргоп урматтоого, Орусия Федерациясынын Конституциясын коргоп, аны колдонууга, көзкарандысыздык жана суверенитеттикти коргоп, мамлекеттин бир бүтүндүгүн, коопсуздугун коргоого, калк алдында ак иштөөгө ант беремин.

Андан соң Конституциялык соттун төрагасы Валерий Зорькин:

- Орусия Федерациясынын Негизги мыйзамына ылайык Владимир Владимирович Путин ушул мөөнөттөн тарта Орусия Федерациясынын президенти кызматына киришти, -деп ырасмий жардык айтты.

Ал жерде гимн ойноп атканда Кремлдин үстүнө президенттик штандарт байрагы илинди. Президенттин колуна бийлик белгилери тапшырылды.
Ошентип ушул күндөн тартып 2008-жылдын март айына дейре орусиялык жетекчи ишине киришти.

Бул орунга Путин экинчи курдай быйыл 14-мартта шайланган. Аны колдогондор 50 миллионго чукул киши. Бирок президентти шайлоо учурунда мыйзам бузуулар көп болгону билине баштаган. Бейшемби күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын баш кенсесинде орусиялык лидерге күбөлүк кат тапшыруу учурунда Александр Вешняков андай кемчиликтер кеткенин мойнуна алды.

Ал эми өлкөнүн башкы прокуратурасынын ага кызматкери Ольга Разумованын айтканына караганда, президентти шайлоо кампаниясы маалында көп мыйзам бузуулар катталган. Ага байланыштуу баш-аягы 99 кылмыш иши козголгон. Андан аркы кебинде прокурор:

- Тилекке каршы, прокурордук текшерүү шайлоо комиссиясынын ишинде да мыйзам бузуулар болгонунун бетин ачты. Тартип бузуучулук дээрлик бардык субъектерде бар, - деди.

Ошол эле учурда башкы прокуратуранын өкүлү мындай мыйзам бузуулар шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир тийгизе алган эмес да деп билдирди.

XS
SM
MD
LG