Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

УЛУУ ЖЕҢИШ КАН-ТЕР МЕНЕН КЕЛГЕН


Экинчи дүйнөлүк согушта 50 миллиондон ашуун адам набыт болгон. Ал тарыхка өчпөс кара так калтырганы менен эсте калды. Ааламга алаамат салган фашизмди кулатуу үчүн ар улуттун өкүлдөрү кан-жандарын аябады. Мына ошол жер шарына бейпилдик алып келген 1945-жылдын 9-майынан бери 59 жыл өтүптүр. Ушул ыйык күнгө арналып бүгүн Бишкекте "Жеңиш" аянтында митинг-реквием болуп өттү. Митингдин катышуучулары согушта курман болгондорго арналып тургузулган "Түбөлүк от" эстелигине гүлчамбар коюшуп, набыт болгондордун элесине таазим кылышты.

9-майдагы Улуу Жеңиш миллиондогон өмүрлөрдү алып, кан менен тер төгүлүп, кайгы-муң менен келген күн. Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан улуттардын ичинен жеңиштин байрагын бийик көтөрүүгө алакандай кыргыз элинин эр азаматтарынын да зор салымы бар.

Бүгүн таң эртең менен согуштун жана эмгектин ардагерлери, мамлекеттик ишмерлер, шаар тургундары Улуу атамекендик согушта курман болгондорду эскерип, Бишкектеги Жеңиш аянтына чогулушту. Митинг-реквиемге мамлекет башчысы Аскар Акаев баштаган мамлекеттик ишмерлер, согуш ардагерлери каз-катар турган жоокерлердин коштоосунда "Түбөлүк отко" гүлчамбар коюшуп, таазим кылышты.

Согушта курман болгондорду эскерип бир мүнөт үнсүз туруп, шейит кеткендердин урматына көккө курал атылды.

Митинг-реквиемди шаар башчысы Медетбек Керимкулов ачты. Митингдин катышуучуларын мамлекет башчысы куттуктады.

- Урматтуу Улуу ата мекендик согуштун катышуучулары жана тылда эмгектенген ардагерлер! Сиздерди бүгүнкү улуу жеңиш күнү менен куттуктайм! Сиздердин мындан 59 жыл мурда жасаган эрдигиңиздерди урпактар унутпайт. 1418 күнгө созулган согуштун оор күндөрүн баштан кечирип, мамлекеттин, элдин эркиндиги үчүн кан-жаныңарды аяган жоксуңар,- деди Аскар Акаев.

Ал өз сөзүндө келээрки жылы болуучу жеңиштин 60 жылдык мааракесинде согуштун ардагерлерине мамлекет тарабынан жакшы колдоо көрсөтүлөөрүн билдирип, митингдин катышуучуларын куттуктады.

Согуш ардагерлеринин атынан 1945-жылы Москвадагы жеңиштин урматына өткөрүлгөн парадга катышкан Жумакадыр Мамажанов каалоо-тилегин билдирип, ушул жеңишти алып келген жоокерлердин элеси, эрдиги тууралуу буларга токтолду:

- Жоокерлердин эрдиги жеке эле эстеликтердин бетинде, улуу жеңиштин өчпөс отунда эле калбастан, биздин жүрөгүбүздүн түпкүрүндө да сакталат. Согуштун тагы кийинки муундарга сабак болуп, ынтымакты, тынчтыкты бекем сактоосун тилейм.

Ал эми жаш муундардын атынан жоокер Арсен Кунеев сүйлөдү:

- Манастын урпактары, душман биздин атамекенибизге басып кирбеш үчүн баардык мүмкүнчүлүктү колдонобуз. Эл-жер үчүн кан-жаныбызды аябайбыз!

Митинг-реквиемден кийин шаар бийлиги уюштурган талаа ашканасында согуштун жана тылдын ардагерлерине тамак берилди. Ардагерлер менен мамлекет башчысы, Жогорку Кеңештин төрагалары талаа ашканасынан даам татышты. Көркөм өнөрдүн ээлери келгендердин көңүлүн көтөрүп ыр-күү тартуулап, аскерий темадагы ырлар аткарылды.

-Жеңиш келди жадыраган жазында,
Жеңиш келди улуу кыргыз калкыма.
Бул жеңишти жаратышкан аталар,
Биз даярбыз дайым таазим кылууга.
- деген алып баруучунун бир куплет ырынан башка кыргыз тилиндеги патриоттук ырлар аткарылбады.

Баштарынан өткөргөн азаптуу күндөрдү ардагерлер эстегилери келбеди. Баарынын каалаганы дүйнөдө тынчтык болсо экен деген тилекте. Советтер Союзунун баатыры Дайыр Асановду кепке тарттык:

- Көп кишилерибиз, жолдошторубуз согушта каза болду. Моминтип жеңиш күнүн салтанаттуу белгилеп, майрамдаганыбыз менен, жүрөк ачышат. Кырчындай жигиттер кыз жандап, жар сүйбөй, бала жытын жыттабай кетишти.

Ал эми оорукта калып эмгектенген, учурдагы эмгек ардагерлери согуштун катышуучулары сыяктуу эле оорукта эмгектенгендерге дагы өкмөт тараптан көңүл бурулса деген пикирлерин айтышты. Эмгек ардагери Паяс Жакыпов:

- Бүгүн албетте улуу күн. Бирок бул улуу жеңиш ооруктагылар болбосо келет беле? Оорукта калган картаң кишилер, жаш балдар менен аялдар машак терип, жер айдап, дан өстүрүп, өзүбүз нан жебей, кийим кийбей, тапкан-ташыганыбызды фронтко жөнөтүп турбадыкпы. Эми өкмөт жетекчилери ошол оорукта калып эмгектенгендерди деле эстерине алып коюшса. Мисалы, электр энергиясынын 50%, жер салыгы жана башкалардан жеңилдиктер берилсе.

Калың элге кубаныч алып келген жеңиш күнүн жаамы журтка белгилүү эл артисти, төкмө Ашыралы Айталиев кандайча тосконун мындайча эскерди:

- Согуш бүткөн жылы мен 18 жашта болчумун. Айыл ичинде биздикинде “Детектив” деген радиодон “согуш бүттү, жеңиш күнү” деген кабарды угуп алып, эшиктин алдында аркандалып турган бээни минип алып, айылга сүйүнчүлөп чыккам. Өйдөкү айылга чаап баратып, ойдон түшө бергенде бээден жыгылып, кумга башым менен сайылгам. Апам карап турган экен, “согуш бүткөндө, эми сен өлөсүңбү? Байкасаң боло!" деп урушканы эсимде. Түш ченде айыл эли кампага чогулуп жыйын өткөрүп, ошондо минтип ырдагам:

-Айланайын элдерим,
Баласыбыз жергенин.
Эми, жакшылап тосуп алабыз,
Батыштан аман-эсен келгенин.
Келээр бекен кайрылып,
Бизден кеткен шерлериң,
- деди Ашыралы Айталиев.

Ал эми согуштун азабын башынан өткөргөн Марсия Шабралиева апа Талас өрөөнүнөн келген.

- Менин кааларым, биринчиден, тынчтык болсун! Бала-бакыра биз көргөн жамандыкты көрбөсүн. Ынтымак-ырашкердикте жашайлы, ырыс кемибесин. Энени ботосунан ажыратпасын. Ар дайым тынчтык болсун!

Бишкекте Улуу Жеңиш күнүнүн 59 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар эс алуу бактарында, борбордук "Алатоо" аянтында да улантылды.

XS
SM
MD
LG