Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Кыргызстанда Улуу Жеңиш күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте 1941-1945-жылдардагы Улуу ата мекендик согуштун аяктагандыгынын 59-жылдыгына арналган салтанат Жеңиш аянтында өттү. Ага согуш ардагерлери, президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Жогорку Кеңештин эки палатасынын төрагалары, коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Адегенде согушта курман болгондор эскерилип, түбөлү отко гүлчамбарлар коюлду. Салтанатта өлкө башчысы, борбор калаанын мэри, ардагерлер сөз сүйлөштү. Президент Акаев өз сөзүндө ардагерлерди улуу майрамы менен куттуктап, аларга мындан ары, өкмөт тарабынан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөөрү жөнүндө айтты.
Жыйындын соңунда согуш ардагерлери үчүн аскердик талаа ашканасынан даам татуу аземи болуп, аларга майрамдык концерт тартууланды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1941-1945-жылдары Улуу ата мекендик согуштун 31724 ардагери бар. Жалпысынан Кыргызстандан бул согушка 363 миң адам катышкан. Алардын ичинде 130 миңи курман болгон.

XS
SM
MD
LG