Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

ОШ ОБЛУСУНА КАРАШТУУ 3 РАЙОНДУН АКИМИ АЛМАШТЫРЫЛДЫ


Кожогелди Култегин, Ош Улуу Жеңиш майрамынын алдында Ош облусуна караштуу үч райондун акими алмаштырылды. Муну бийлик төбөлдөрүнүн кезектеги орунсуз иши катары эсептегендер да чыгууда.

Ош облусунда өзү 7 район бар. Үч район жетекчисин алмаштырса эле жалпы акимдер корпусунун жарымына жакыны өзгөргөндөй коомчулуктун көңүлү катуу бурулат экен. Бул кадрлык алмаштыруулар, тактап айтканда кичинерээк район акимдерин, чоңурак райондорго чоңойтуу жараяны жер көчкү кыйракандарынын учурунда, аза-кайгы эскире элек кезде жүргүзүлгөндүгү үчүн жагымсыз делип, кыжыр келтирди шекилдүү. Карасуу районунун тургуну Садыр Үркүнбаевдин пикири мындайча:

- Азыркы ушундай жер көчүп, адам өлүп аткан кезде акимдерди алмаштыруунун эмне кереги бар. Алар өздөрүнүн ишинин аягына чыгышы керек да.

Карасуу, Өзгөн, Алай райондорунун акимдеринин бир убакта алмаштырылыш жагдай себебин, Ош облус губернатору Накен Касиев төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Карасуудагы акимибиз төрт жылдан бери иштеп аткан ал жерде, бешинчи жылга кетип аткан. Акимдердин мөөнөтү 4-5 жылдын тегерегинде. Акыркы убактарда Карасуу дагы базар боюнча чыр талаш маселелер болуп атат. Социалдык мобилизация боюнча да бир топ иштерди күчөтүп жасаш керек болду. Ошондуктан Карасуу районунда ушундай алмашуу болду. Карасууга Өзгөн районунан Жолдошев Расул чектелди президентибиздин жарлыгы менен. Ошого байланыштуу Өзгөнгө Алайдын акими Тойчиевди котордук. Ал кишинин опыты бар. Ал эми Алайга болсо, райКеңештин төрагасы Абдиев Султан деген мырзаны президент жарлыгы менен бекитти. Ал жигит да Алайдагы проблемаларды жакшы түшүнгөн, өзү 4 жылдан бери райКеңештин төрагасы болуп иштеп жаткан.

Ал эми Оштогу көрүнүктүү акын жана журналист Абдырашит Урбаев район акимдерин гүлү додо боло электе эле которуштура берүү элементардык логикага туура келбейт деп эсептейт:

- Менин жеке пикирим боюнча райондун акимдерин тез-тез алмаштыра берген иштин кызыкчылыгына жооп бербейт. Анткени, эми эле райондун проблемаларын үйрөнүп, өздөштүрүп бүтүп, кемчиликтерди оңдоонун программасын иштеп чыгып, ишке киришкенден кийин эле аны башка районго которуп жатат. Анын ордуна келген киши изилдеп чыкканча эле убакыт өтөт.

Абдырашит Урбаев айткандай мындан бир жыл алты ай мурда Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Үсөн Сыдыковдун шайлоочулары Өзгөндө катуу талап коюп, жаңжал салып турган кезде Расул Жолдошев район акимдигине алып барылган. Ошондо Өзгөн райондук Кеңештин депутаттары Өзгөндө соңку 5 жыл ичинде 4 аким алмашкандыгын, ошондо бул жаңы сунушталып аткан акимди, жогорку бийлик узагыраак иштете турган болсо гана колдоп беришерин байма-бай айтышкан, талап кылышкан. Жогорку бийлик өкүлдөрү жоболоңу чыгып кетпесе эле тийбейбиз деп убада беришкен. Ага карабастан ал азыр Карасууга, Өзгөндөн да чоң районго алынып кетилди. Биз губернатор Накен Касиевге ошол учурду эстеттик эле, анын жообу мындайча болду:

- Менин оюм мындай, азыркы биздин негизги стратегиябыз аныкталып калды, реформалар аныкталды, президентибиздин жасап аткан иштери, стратегиясы билинди. Ошондуктан кадрлардын алмашып турушу агым катары кабыл алышыбыз керек. Муну чоң трагедия кылбай, эң негизгиси бүгүнкү жасап аткан ишти улап жана жакшы алып кете турган акимдерди тандашыбыз керек.

Садыр Үркүнбаев район акимдеринин кээде туура эмес алмаштырылышына райондук Кеңеш депутаттары да күнөөлү деп эсептейт, анткени алар макулдук берет эмеспи:

- Азыркы райондук Кеңештин депутаттары алсыз. Акимдикке кимди сунуш кылса эле ошонун артынан ээрчий берет. Өз пикири, өз позициясы жок.

Биз Ош облус губернатору Накен Касиевге кээде район акимдеринин ишке келишин, же иштен кетишинин облус губернатору билбей калган учурлар да болот экен го деген да суроону узаттык:

- Мен Аскар Акаевичке кеңешип, адамдардын ишке болгон сапатын, жөндөмдүлүгүн сурап туруп жарлыгын чыгарып атат. Бул аким боюнча мага администрациянын башчысы катары мени менен кеңешти жана менин кээ бир ойлорумду эске алды.

XS
SM
MD
LG