Ирактын Абу Грейб деп аталган түрмөсүндө олтургандарды кордогону үчүн азырынча АКШнын жети жоокери айыпталууда. Кечээ билдирилгендей, алардын алгачкысынын ишин аскерий сот Багдадда 19-майда ачык караган жатат. Ирактагы америкалык командачылыктын өкүлү, генерал Марк Киммит Багдаддагы басма сөз жыйында төмөнкүлөрдү маалымдады:
- Трибуналга кенже сержант Жереми Свитс берилет. Ага Абу Грейб түрмөсүндөгүлөрдү кордогонуна байланыштуу 5-Майда айып коюлду. Ал үч берене: башка аскер кызматчылары менен бирдикте камактагыларды кордогону, аскерий парзын бузганы, туткундарга катаал мамиле жасаганы үчүн айыпталууда.
Сот кенже сержант Жереми Свитсти эң көп дегенде бир жылга түрмөгө кесиши жана армиянын катарынан чыгарышы мүмкүн.
АКШнын расмий өкүлдөрү өлкөнүн Ирактагы миссиясына, президент Жорж Буштун кайра шайлануу мүмкүнчүлүгүнө доо кетирип жаткан бул жаңжаалга жоопкер деп эсептелгендерди жазалоо жөнүндөгү чечимин ачык көргөзүү менен кырдаалды жөндөөгө үмүтөнүүдө. Бирок карпайым кызматкерлер жогорку жактагылардын саясатындагы катачылыктар үчүн садага чабылып жаткан жокпу дегендер да бар. Укук бузууларга баргандардын иши америкалык аскерий сотто каралышы ирактыктардын көпчүлүгүн да канаатандырбайт сыяктуу. Багдаддын тургундарынын бири Мохамед Фадхил мындай дейт:
- Алар АКШнын эмес, Ирактын соту тарабынан соттолушу керек. Биз буга каршыбыз. Алар Ирактын сотунда жооп бериши керек.
Мунун аралыгында америкалык "Нью-Йоркер" журналы АКШ аскерлеринин ирак түрмөлөрүндөгү укук бузуулары боюнча жаңы сүрөттөр менен коштолгон макала жарыялады. "Нью-Йоркердеги" сүрөттө америкалык аскерлер дырдай жылаңач ирактыкты ит менен коркутуп жатканы тартылган. Андагы макаланын автору Сеймор Херш - АКШ аскерлеринин Ирактагы укук бузуулары жөнүндө жазууну баштаган журналисттерди бири. Ал ирак түрмөлөрүндөгү укук бузуулар жогорку деңгээлдеги адамдар тарабынан аныкталган саясаттын натыйжасы болушу мүмкүн деп эсептейт:
- Биз согуштун динамикасын өзгөртүшүбүз керек. Бул алты же жети баланын катачылыгы эмес. Мен бүгүн жарыялаган сүрөт мурдагылардан айрымаланат. Сиздер саясатка, жоопкер генералдарга, жогору жактагы адамдарга көңүл бурушуңуздар керек. Мен бүгүн жазган макала ошол жоопкер адамдар тууралуу.
Айтор аскерлердин жоруктары үчүн расмий Вашингтондун дарегине азыр Ирактан жана өлкөнүн өзүнөн, чет мамлекеттерден да катуу сын айтылууда. Бийликтеги республикачылардын саясий атаандашы –Демократиялык партиянын Конгресстеги айрым мүчөлөрү буга жол бергени үчүн өлкөнүн коргоо министри Дональд Рамсфелд кызматтан чегиниши же бошотулушу керек деген пикирде.
Ирак түрмөлөрүндөгү укук бузуулар боюнча жаңжаал бул жакта 7,5 миңдей аскери бар Британияда күч алып жатат. Эл аралык Кызыл Чырым уюму мындай маалыматтарды британ өкмөтүнө февралда эле кабарлаганы билинип, муну британ өкмөтү моюнга алгандан кийин өлкөнүн коргоо министри Жефф Хун дүйшөмбүдө парламентке чакыртылды. Ал эми премьер- министри Тони Блэр кечээ француз теле көрсөтүүсүндөгү маегинде ирактыктардан кечирим сурады:
- Биз жоокерлерибиз жаман мамиле жасагандардын баарынан терең кечирим сурайбыз. Мындай жорук толук кабыл алынгыс.
Британ өкмөт башчысынан мурда америкалык аскерлерден ыдык көргөн ирактыктар менен алардын үй-бүлөлөрүнөн АКШ президенти Жорж Буш да кечирим сураган болчу.