Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:34

ДОНАЛД РАМСФЕЛД ПРЕЗИДЕНТ БУШТУН АЛМАШКЫС МИНИСТРИ


АКШ президенти Жорж Буш менен коргоо министри Доналд Рамсфелдди саясый оппоненттери Ирактагы согуштун башкы күнөөкөрү деп эсептешет. Америкалык аскерий полицайлардын ирактык туткундарды кемсинтип-кордогон фотосүрөттөрү жарыяланып кеткенден кийин, АКШ Конгрессинин кээ бир мүчөлөрү Рамсфелди кызматтан кетирүүнү же өзү кетүүсүн талап кылышууда. Министр Рамсфелддин болочогу кандай болот?

Өткөн жума күнү Д. Рамсфелд америкалык жоокерлердин ирактык туткундарды маскаралоосу боюнча Конгресстин эки комитети алдында беш сааттан ашык убакыт көрсөтмө берип, каршылаштары талап кылса эле, кызматтан кетпесин айтты:

-Мен эгерде ишим жүрбөй жатканын сезсем, 1 мүнөт турбастан кызматтан кетээримди айтып койоюн.

Президент Ж.Буш андан бир күн илгери Рамсфелдди жумуштан кетирбесин билдирген:

- Министр Рамсфелд чынында эле мыкты коргоо министри. Министр Рамсфелд өлкөгө жакшы кызмат кылууда. Министр Рамсфелд эки согуш учурунда министрлик кылууда жана ал менин кабинетимдин маанилүү мүчөсү. Ал өкмөттөн кетпейт.

Рамсфелддин ордунда калуусун вице-президент Дик Чейни да колдоду. “Дон Рамсфелд Кошмо Штаттардын эң мыкты коргоо министри. Адамдар ага өз ишин аткарууга мүмкүндүк бериш керек”,- деген Чейни "New York Times" гезитине басылган интервьюсунда.

Рамсфелд ирактык туткундардын абалы үчүн министр катары жооптуу экенин танбайт. Бирок анын айтышынча, күнөөкөрлөрдү окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия аныкташ керек.

Бирок оппозициядагы Демократтык партиянын кээ бир мүчөлөрү Рамсфелддин кызматтан кетишин талап кылышууда. Мисалы, конгрессмен Чарлз Нэнгел “Расмфелд кызматтан кетирилбесе, Конгресс ага импичмент жарыялаш керек” деп санайт. Мындай чакырык–талаптар басма сөздө жарыяланган улам жаңы материалдар менен коштолууда.

Бул окуя жөнүндө эң биринчилерден болуп жазган "New Yorker" журналынын кабарчысы Сэймур Херш туткундарды басмырлоо кеңири жайылган көрүнүш жана ал үчүн Буштун кабинет мүчөлөрү жооптуу деген пикирде:

- Биз согуштун ыраатын, ага болгон мамилебизди өзгөртүшүбүз абзел. Бул алты же жети адамдын жаңылыштыгынан жасалган осол иши эмес. Бүгүн жарыялаган сүрөт мурдакы сүрөттөрдөн такыр башка жерлерде тартылган. Бизге эмне 60, 70, 600, 700 сүрөт керекпи? Биз түз буйрук берүүнү өзгөртүү жөнүндө талкууну башташыбыз керек.

Рамсфелддин жактоочулары аны кызматтан кетирүү аракетин Ирактагы согушка нааразы болгон Буштун администрациясынын каршылаштарынын амалы дешет.
Вашингтондогу бейөкмөт изилдөө борбору - Heritage фондунун талдоочусу Жэк Спенсердин сөзүнө караганда, Рамсфелд Кошмо Штаттардын аскерий даярдыгына чоң салым кошкон көрүнүктүү министр:

- Министр Рамсфелд өтө мыкты иштерди жасады. Ал январдын ортосунда, туткундарды кордоо жөнүндөгү кабар эми угулганда эле, аны иликтөөнү сунуш кылган.

Рамсфелд ошондой эле ирактык туткундарды кыйноо жөнүндө угаар замат президент Бушка же Конгресске кабарлабады деп сындалууда.

Жорж Буш, маалым болгондой, Рамсфелдге ага чатак иш тууралуу өз учурунда маалымат бербегени үчүн көзмө-көз жолугушууда нааразычылык билдирген.

Экинчи бир талдоочулар Иракты көпчүлүк аскерий эксперттер зарыл дегенден бир кыйла аз сандагы аскерлер менен басып алуу жөнүндөгү чечимди Рамсфелд кабыл алганын, Ирактагы азыркы кырдаал үчүн түздөн-түз ал жооптуу экенин айтышат.
Алардын бири - Вашингтондогу Америка университетинин профессору Питер Кузник. Анын пикиринче, Ирактагы абал үчүн Буштун Улуттук коопсуздук маселеси боюнча кеңешчиси Кондолиза Райсты да мамлекеттик департамент менен коргоо министрлигинин ишин туура координациялабады деп күнөөлөсө болот.

Саддамдан кийинки Иракта эзелтен Мамдепартамент аткарчу иштерди азыр Рамсфелддин кеңсеси бажарууда. Атап айтканда, шийилердин проблемасы Мамкатчы Колин Пауэллдин вазийпасындагы иш болуш керек. Кузниктин байкашынча, Райс айым көпчүлүк байкоочулар айткандай чексиз бийликке ээ эмес.

- Менин оюмча, белгилерди президент берүүдө. Буш колдогон Рамсфелд менен Пауэллдин арасындагы ырксыздык жөнүндөгү жакында ашкере болгон кабар алардын бири. Буга караганда, Кондолиза Райс күчсүз фигура сыяктанат. Ырас, бул карама-каршылыкты жымсалдабаганы үчүн ал да жооптуу. Бирок менин оюмча, түздөн-түз жооптуу адам президенттин өзү.

Кузниктин айтымында, туткундарды кыйноону далилдеген сүрөттөр жарыялангандан кийин мусулман арабдар Ирактагы согуш демократияны орнотууну жана ирактыктардын жашоосун жакшыртууну көздөөрүнө ишенбей калышкан. Ошон үчүн, Рамсфелд кызматтан кетсе, кичине да да болсо АКШнын тышкы саясаты үчүн жакшы болмок деп боолголойт профессор.

XS
SM
MD
LG