Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

КАНТ АВИАБАЗАСЫ БОЮНЧА КЫРГЫЗ-ОРУС КЕЛИШИМИ РАТИФИКАЦИЯЛАНДЫ


Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары бүгүн - 11-майда бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялады. Алардын ичинде Кант аба майданы боюнча келишим да бар.

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда Кант аскердик аба майданын биргелешип пайдалануу боюнча келишимге өткөн жылы 22-сентябрда Москвада кол коюлган. Ага ылайык Россиянын аскерий учактары жана аны тейлөөчү аскерлер, кызматкерлер Кантка келип жайгашкан. Мыйзам чыгаруу жыйынынын 11-майдагы отурумунда Канттагы орус аскерлеринин жүрүүсүнүн шарттары тууралуу келишим 44 добуш менен ратификацияланды.

Келишимди ратификациялоонун алдында депутаттардын суроолоруна өлкөнүн коргоо министри Эсен Топоев маалымат берди. Айрым депутаттар Канттагы орус аскерлерине өтө олуттуу юридикалык жеңилдиктер, алардын кол тийбестигин камсыз кылган иммунитет берилишин сынга алып, келишим дагы бир ирет экспертизадан өтүш керек деген пикирлерин билдирди. Андай пикир айткандардын бири депутат Алишер Сабиров болду.

Бирок көпчүлүк депутаттар 2001-жылы АКШ баш болгон антитеррордук коалициялык күчтөрдүн аскерлерине да ушундай эле юридикалык жеңилдиктер, кол тийбестик иммунитет берилгенин айтып, Россия менен түзүлгөн келишим эл аралык стандартка жооп берет деген пикирде болушту.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков келишим тууралуу буларды билдирди:

- Бул, биринчиден, буга чейин жетишилген бир топ келишимдердин биринчи жолу турмушка ашырылганы. Экинчиден, бул келишимдин саясий мааниси абдан чоң. Үчүнчүдөн, аскерлердин статусу, иммунитети тууралуу сөз болуп жатат. Биз да комитет жыйынында бул маселеге көңүл бөлүп, аны юридикалык экспертизадан өткөрүүгө жибергенбиз. Бирок иликтөөлөр көрсөткөндөй, башка чет өлкөдө жайгашкан бардык кызматкерлерге ушундай иммунитет берилет экен. Ошонун негизинде, биз АКШ болобу, Россия болобу баарынын аскерлерине тең карап, макулдук бергенбиз.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын коргонуу боюнча комитетинин төрагасы Мырзакан Субанов да келишим эл аралык стандартка дал келерин айтып, аны ратификациялоого чакырды.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров «АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн «Манас» аба майданында жайгашуусунун мөөнөтү качан бүтөт, аларды чыгаруу боюнча кыргыз тарап маселе көтөрдүбү?» деген суроо койду. Ага коргоо министри Эсен Топоев «Ооганстанда антитеррордук операция аяктабагандыктан, андай маселе көтөрүлө элек» деп жооп берди. Депутат Мадумаров өзүнүн суроолорунун биринде «стратегиялык өнөктөштүктө Кыргызстан Россиягабы же АКШга артыкчылык береби» деген да маселени койгондо, Топоев «биз сөз жок Россияны тандайбыз, бирок АКШ менен антитеррордук коалициянын алкагында биргебиз» деген жообун берди.

Келишимде жазылган «Канттагы аскердик күчтөр Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздукту камсыз кылууда пайдаланылат» деген берене да бир топ суроолорду пайда кылды. Эсен Топоев «Канттагы аскердик күчтөр Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Россиянын коопсуздугуна коркунуч туулганда колдонулат» деген жообун берди.

Россиянын президенти Владимир Путин өткөн жылы 23-октябрда Кыргызстанга жасаган жумуш сапары учурунда Кант аба майданынын максаты тууралуу буларды билдирген эле:

- Эгерде «Манастагы» база Ооганстандагы маселени чечүүгө багытталса, Канттагы Россиянын базасы Кыргызстандын жана кыргыз калкынын коопсуздугун коргоого, ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн, анын ичинде Россиянын жоопкерчилиги бар аймактардагы кызыкчылыгын камсыздоого багытталган.

Сүрөттө: Эки мамлекеттин башчылары Кант авиабазасынын ырасмий ачылышында (23-октябрь 2003).
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG