Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:14

ИРАК: МОКТАДА АС-САДРГА КЫСЫМ КҮЧӨДҮ


АКШнын Ирактагы аскерлери жергиликтүү шийиттердин радикал дин ишмери Моктада ас-Садрды кысымга алууну күчөтүүдө. Анын Багдаддагы кеңсеси талкаланды. Маалыматтарга караганда, шийиттердин башка таанымал дин ишмерлери ас-Садрды саясий изоляцияда калтырууну көздөп жаткандай. Дүйшөмбүдө Нажафтагы демонстранциянын катышуучулары да ас-Садрдын согушкерлерин шаардан чыгып кетүүгө чакырды.

Жашы 30тун тегерегинде эле экенине карабай Моктада ас-Садр - АКШ үчүн Иракта баш оору жараткандардын бири. Анын Мехди деп аталган армиясынын согушкерлери Ирактагы коалициянын аскерлери менен куралдуу кагылыштарга барууда. Ирактын коалициялык администрациясы Мехди армиясын мыйзамсыз куралдуу түзүлүш деп жарыялаган, ал эми ас-Садрдын өзү шийиттердин дагы бир белгилүү молдосунун былтыр киши колдуу болгонуна тиешеси бардыгы үчүн камакка алынаарын эскерткен.

Моктада ас-Садрга баш ийген куралчандардын негизги бөлүгү учурда Ирактын түштүгүндөгү Нажаф шаарында турат. АКШ Нажаф шаарынын чет жакасында 2,5 миңдей жоокерин жайгаштырган. Бирок Вашингтон Мехди армиясынын шаар ичиндеги согушкерлерине каршы тикелей операция жүргүзүүдөн сактанып келүүдө. Америкалык аскерий өкүлдөр убакыттын өтүшү менен ас-Садрды колдогондор өзүнөн-өзү азайабы деп үмүттөнүп жатышат. Анын үстүнө Моктада ас-Садр бул жердеги таяныч бекет жана башкеңсе катары шийиттер үчүн ыйык деп эсептелген күмбөздөрдин биринин жанындагы чоң мечитти пайдаланууда. Имам Али атындагы ал чоң мечит кууш көчөлөр менен курчалган. Мында бир жагынан америкалык аскерлери үчүн тобокелчилик жогору болсо, экинчи жагынан Мехди армиясын Нажафтан күч менен чыгаруу аракеттери көчөмө-көчө уруштар менен коштолоору айныксыз. Мунун өз кезегинде шийиттердин ыйык жайларына зыяны тийбей койбойт. Ушул жагдай шийиттердин белгилүү дин ишмерлерин кооптондурууда. Алар Моктада ас-Садр коалиция менен аскерий тирешүүгө барышына нааразы болуп жаткандай. Таанымал динаятчылардын бири шейх Садреддин ал-Кубанчинин айтымында, Нажафта уруш болушуна жол бербөө кудай жолундагылардын баарынын милдети:

- Биз баарыбыз ыйык жайларды бузулуудан сактоону, шаар аскерий бункерге айланып, көчө уруштары орун алуусуна жол бербөөнү көздөйбүз. Буга жетиш үчүн биз кызматташышыбыз керек.

Ал эми шийиттердин эң жакшы уюшулган партиясы- Ирак Ислам Революциясынын Жогорку Кеңеши Мехди армиясын Нажафтан кетирүү үчүн калкты көчөгө чыгууга үндөдү. Айткандай эле дүйшөмбүдө Нажафта Ирак Ислам Революциясынын Жогорку Кеңешинин лидери аc-Систанинин сүрөттөрүн көтөргөн 1000дей адам ушундай чакырык менен шаардын көчөлөрү боюнча жүрүш жасады. Аталган партия - Ирактын АКШ тарабынан дайындалган Башкаруу кеңешине катышкан уюм.

Маалымат агенттиктеринин билдиргенине караганда, көбүнесе экономикалык жүйөөдөн улам соңку апталарда Нажафтын тургундары арасында Мехди армиясына каршы маанай күчөгөн. Себеби шаардагы согушкерлерден жана уруш коркунучу сакталып тургандыктан, Нажафка Ирактын өзүнөн, коңшу Ирандан зыяратчылардын келүүсү анын менен бирге жергиликтүү элдин кирешеси азайган.

Нажафтагы тирешүүнү тынч жол менен чечүү үчүн шийит лидерлери, Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү Моктада ас-Садр менен сүйлөшүү жүргүзүп да келген эле. Маселен Нажафтын жаңы дайындалган губернатору Аднан ал-Зурифи кечээ Моктада ас-Садрга эгер ал аскерлерин таратса, анын үстүнөн козголгон кылмыш иши 30-июнда, бийлик ирактыктардын өзүнө өткөнгө чейин токтотулат деген сунуш менен кайрылды:

- Эгер мунун Нажафка, элге пайдасы тийсе, эгер мен Моктада ас-Садр менен жолуксам ага биз кризис тынч чечилишин, куралдуу согушкерлер түгөл таратылышын кааларыбызды айтам.

Айтор соодалашуулар уланып жатканына карабай, АКШ аскерлеринин соңку күндөрү Нажафтын ичинен башка жерлерде ас-Садрдын согушкерлерине каршы активдүү аракеттерди көрө баштаганына караганда, бул тирешүү жыйынтыктоочу баскычка жакындап калгандай. Ирактагы америкалык командачылыктын билдиргенине караганда, маселен өткөн аптадан бери Нажафтын чет жакасындагы, Багдаддын Садр районундагы, Куфа деген шаардагы кагылыштарда Мехди армиясынын 90дон ашуун согушкери жок кылынган. Ошондой эле Моктада ас-Садрдын Багдаддагы кеңсеси да талкаланды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG