Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

ЖАЛАЛАБАДДА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ ЖҮРҮП ЖАТАБЫ?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад "Коррупция салтка айланып калды. Ага каршы күрөшүүнү айыл өкмөттөн башташ керек. Жогорку бийликтеги коррупцияны ооздуктоого коомчулуктун күчү зарыл" дешет Жалалабаддагы бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери. Бийлик өкүлдөрүнүн пикири боюнча облуста коррупция жок.

Коррупция мекеме-уюм, окуу жайлар өңдүү бийлик уюмдарына да жайылган. Депутаттардын жоопкерчилигин угуу менен коррупцияга каршы күрөштү айылдан баштап, жогорку жактагы жемкорлукту элдин күчү менен азайтыш керек:

- Коррупциянын тамыры айыл өкмөттөн жогору уланып кетээрин байкадык. Ага каршы ишти биз ылдыйтан баштаганыбыз менен район, облустагы уюмдарга биздин күчүбүз жетпей калат,- дейт бейөкмөт уюмдун башчысы Каримкул Раимкулов.

Укук коргоочу Абдиназар Маматисламовдун ою боюнча коррупция сот, ички иштер, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагында күчтүү:

-Коррупция улуттук салт болуп баратат. Ага байланыштуу бир да жетекчи эмдигиче жазаланган жок. Себеби Кылмыш кодексинде ал үчүн жоопкерчилик так көрсөтүлгөн эмес.

Коррупцияга каршы жаштар уюмдарында иш жүрүп жатабы? Бул сурообузга облустук жаштар комитетинин төрага орун басары Алмаз Аманов мындай дейт:

- Жогорку окуу жайларында акча алган мугалим менен эле эмес, акча берген студенттер менен да күрөшүүнү ойлодук. Окуу жайларында анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлүп, анкетанын негизинде "жылдын эң мыкты мугалими", "жылдын коррупционер мугалими" деген номинацияларды ойлонуштуруп, уяткарууну болжоп жатабыз.

Губернатордун орун басары Алмаз Асаналиевдин айтымында, ар бир адам мыйзам сыйлап, кызматтык милдетин так аткарса, жемкорлук жоюлат:

- Кызматкерлер бийлик бутактарына шайлоонун, конкурстун негизинде тандалып алынат. Бийликке шайлап алган адамын эл кантип "коррупционер" деп атай алат? Ар ким өз кызматын мыкты аткарса, жемкорлук болбойт.

XS
SM
MD
LG