Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

ПРЕЗИДЕНТ СААКАШВИЛИНИН БИЙЛИКТЕГИ 100 КҮНҮ


11-май күнү Михаил Саакашвилинин Грузиянын президенти болуп шайланганына 100 күн толду. “Роза революциясынын” жолбашчысы эл арасында өтө популярдуу. Бирок грузин жетекчилигинин коррупцияга каршы айоосуз күрөшү учурунда адам укугун бузууларга жана мыйзамсыздыкка жол берилип жатканы жөнүндө тынчсыздануулар арбын айтылууда. Бул, сынчылардын айтымында, жарандык коомдун өнүгүшүнө зыян келтирип, аны алсыратууда. Айрым талдоочулар Саакашвилинин жаңылыштыгы анын башкаруучулук тажрыйбасынын жетишсиздигинен болууда дешет.

“Грузиянын 36 жаштагы президенти Михаил Саакашвилинин президент шайлангандан бери жетишкен эң чоң ийгилиги эмне?” деген суроого “Азаттык” үналгысынын грузин кызматынын башчысы Роберт Робсон мындай дейт:

- Менин баамымда, оболку 100 күндөгү эң маанилүү жетишкендик - Саакашвили Грузиядагы бийликтин аброюн калыбына келтирди. Азыр Тбилисиде борбордук өкмөт жок деп, Абхазия менен Түштүк Осетиядан башка жакта эч ким айтпайт. Анын жалгыз жана эң үлкөн жеңиши - Ажарияны борборго баш ийдиргени.

Эдурад Шеварднадзе бийликтен кеткенден бери Грузиядагы кырдаал өзгөрүүдө. Жаңы өкмөт бийлик адамдарынын жемкорлугуна жана салык төлөбөөчүлүккө каршы чечкиндүү күрөшүүдө. Шеварднадзенин эски гвардиясынын көпчүлүк обурактуу мүчөлөрүнүн карыз салыктарын төлөп бериши, экс-президенттин күйөө баласы Гия Жоктаберидзенин казынага 15,5 миллион доллар кайтарып бергенден кийин абактан чыгышы анын бир мисалы.

Жемсөөлүк тыйыла баштаганын көргөн эл аралык коомчулук өлкөгө жардам көрсөтүүгө жана инвестиция салууга дилгир болууда.

Бирок грузиялык эксперт Александр Ронделли айткандай, “революциялык өзгөрүүлөрдү жасап жаткан революционерлердин өкмөтү” күрөштүн кызыгында адам укугун бузуп, бийликке акаарат кылган ишканаларды финансылык кысмакка алганы, президентке бийлик укугун кеңири берилгени курч сынга алынууда.

Беделдүү укук коргоочу Нина Какабадзенин сөзүнчө, президент жана өкмөттүн көрүнүктүү мүчөлөрү кылмышкер деп шектелген адамдар менен, прокурордун чечими чыкпай туруп, бетме-бет кездешип, жоопкерчиликтен бошотуунун шартын сүйлөшкөн учурлар болгон.

Азыр Саакашвилинин командасынын алдында, Тбилисилик талдоочу Арчил Гегешидзе айткандай, Москвасыз жөндөлбөөчү өтө олуттуу бир нече маселе турат:

- Бизде Россия менен талкуулай турган бир катар урунтуу проблемалар бар. Анын ичинде, биринчиси, Россиялык аскерлерди Грузиядан чыгарып кетүү, аскерлерди базаларынан чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн макулдашуу. Базалардын бири Ажарияда жайгашкан. Россияга байланыштуу экинчи маанилүү маселе, Абхазия менен мурдакы Түштүк Осетия чатагын жөндөөгө Россиянын жигердүү катышуусу.

Грузия боюнча адис Роберт Робертсон дагы Грузиянын бүтүндүгүн калыбына келтирүү эң алды Москванын эркине көз каранды иш деп эсептейт:

- Ийгилик Абхазия менен Түштүк Осетия элинин эркине эле эмес, жакынкы жылдардагы Грузия менен автономиялардын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүнө жараша болот. Бирок эң орчундуусу: Россиянын ыкыласы. Себеби, автономиялардын 10 жыл ичинде Грузия менен карым-катнашты үзүүсүнө, азыркы жагдайдын калыптануусуна Россия көп салым кошту. Ошон үчүн, Абхазия, Түштүк Осетия жана Грузия ортосундагы сүйлөшүүдө негизги ролду Россия ойнойт.

Ажар президенти А.Абашидзени бийликтен баш тарттырууга оң салым кошкон Россия Батуми менен Ахалкалакидеги аскер базаларын 10 жыл ортолугунда чыгарып кетүүгө макул. Абхазия менен Түштүк Осетиянын элинин айрым бөлүгүнө берген букаралыгын алып койобу же Грузиянын бүтүндүгүн калыбына келтирүүгө түздөн-түз көмөктөшөбү, азыр белгисиз.

Саакашвили Грузиянын экономикасы ирденип кетсе Абхазия менен сүйлөшүү жеңил болот жана Түштүк Осетия чатагы эки жыл ичинде жөндөлөт деген бекем ишеничте.

XS
SM
MD
LG