Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

КОНСТИТУЦИЯГА ДАГЫ ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗИЛЕБИ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек 12-майда Бишкекте бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү жыйын өткөрүштү. Алар саясий партиялардын клубун түзүп, облустук, шаардык жана Жогорку Кеңештерге шайланган депутаттардын 50 пайызын партиялык тизме менен шайлоо демилгеси менен мамлекет башчысына, Жогорку Кеңештин кош палата төрагаларына кайрылуу кабыл алуу чечимине келишти.

Жыйынга «Арнамыс», КДК, «Элмурас», «Атамекен», «Алга, Кыргызстан», Клара Ажыбекова жетектеген «Коммунистер», «Адилет» жана башка болуп, баардыгы 13 саясий партия өкүлдөрү катышты. Жыйындын катышуучулары адегенде мамлекет башчысы Аскар Акаевге жана Жогорку Кеңештин төрагаларына кайрылуунун долбоорун талкуулашты.

Кайрылууда облустук, Бишкек, Ош шаардык кеңештерине жана Жогорку Кеңешке шайланган депутаттардын 50 пайызын партиялык тизме менен шайлоо демилгеси сунушталды. Жыйындын катышуучулары ошондой эле партиялардын клубун түзүү чечимине келишти. Кайырылуунун жана партиялык клубду түзүү долбоору алымча-кошумча менен жактырылып, ага жыйынга катышкан партиялардын келээрки отурумунда кол коюла турган болду.

Партиялардын келээрки отурумун 26-майда өткөрүү макулдашылды. Белгилей кетүүчү нерсе, Башмыйзамга пропорционалдык шайлоо ыкмасын киргизүү сунушу көптөн бери көтөрүлүп келет. 2003-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизгенде мындай демилгени мамлекет башчысы Аскар Акаев колдогон эмес. Андан көп өтпөй мындай демилгени Жогорку Кеңештин кош палатасынын көпчүлүк депутаттары көтөрүшүп, Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу менен Конституциялык сотко кайрылышкан. Андай кайрылуунун сыясы кургай электе Башмыйзамга партиялык тизмени киргизүү демилгеси кайрадан өкмөтчүл маанайдагы «Алга, Кыргызстан» партиясынын жетекчилиги менен он үч партия тарабынан көтөрүлдү.

Мындай кайрылууга мамлекет башчы кол коёбу деген суроого «Алга, Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Болот Бегалиев мындай дейт:

- Азырынча ачык айтыш кыйын. Ошондой болсо да мамлекет башчысы дайыма коомчулуктун пикирин эске алып келгендиги жашыруун эмес. Саясий партиялар жарандык коомдун алдыңкы катмары. Ошондуктан президент бул жолу да коомчулуктун пикирин эске алат деп ишенүүгө болот.

Ал эми оппозициячыл маанайдагы «Асаба» партиясынын жетекчиси Азимбек Бекназаров «Алга, Кыргызстан» жана башка партиялар бул маселени жогорку аткаруу бийлик өкүлдөрү менен макулдашып алып көртөрүшүүдө дейт:

- Менин оюмча, «Алга, Кыргызстан» жана башка партиялар буга чейин элди аралап көрүштү. Алар бир мандаттуу округдардан жеңишке жетишпей тургандыгына көздөрү жетти. Ошондой эле алар жогорку бийлик жетекчилигин биз пропорционалдык шайлоо ыкмасын киргизсек жеңишке жетишебиз деп ишендиришти. Анткени алар партиялык тизме аркылууу Борбордук шайлоо комиссиясынын жардамы менен оңой эле көпчүлүк добушка ээ болушу ыктымал.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, кечээ «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылы жана "Эл үчүн" шайлоо блогуна кирген партиялар жыйын өткөрүштү. Жыйындын катышуучулары Башмыйзамга пропорционалдык шайлоо ыкмасын киргизүү демилгесин колдой тургандыгын айтышып, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча бүгүн өздөрүнүн сунушун билдирүү тууралуу чечимине келишкен.

Ошондой эле Азимбек Бекназаров келечекте партиялардын клубун түзүү демилгесин колдой тургандыгын билдирди:

- Бул ЕККУ тарабынан сунушталган долбоор. Ошондуктан, биз бул долбоорду колдойбуз. Биздин координатор болуп «Республика» партиясынын өкүлү Замира Сыдыкова иш алып барат. Менин оюмча, мындай демилгени колдош керек. Анткени ал келечекте партиялардын чогулуп, пикир алышып, иш алып барышына шарт түзөт.

Ошентип, өлкөдөгү оппозициялык жана өкмөтчүл маанайдагы партиялар Башмыйзамга пропорционалдык шайлоо ыкмасын киргизүү демилгесин колдошууда. Мындай демилгени президент колдоого алабы же жокпу - аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG