Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

ИНДИЯДА БИЙЛИК АЛМАШУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Индияда үч аптага уланган парламенттик шайлоо 10-майда аяктаган. 13-майда анын алгачкы жыйынтыктары чыгарыла баштаганда, оппозициядагы "Конгресс" партиясы өз жеңиши тууралуу жарыялады. Эми Индиянын жаңы премьер-министри болуп Италияда туулган Соня Гандинин шайланышы күтүлүүдө.

Азыр жөн эле "Конгресс", мурда болсо "Индиянын улуттук конгресси" деп аталган партияны Жавахарлал Неру негиздеген. 1947-жылы Индия Британиялык оторчулуктан кутулганда, улуттук-боштондук кыймылды жетектеген Махатма Ганди аны Индиянын биринчи премьер-министри кылган. Неру Индияны 1964-жылы каза болгонго чейин башкарган жана андан кийин партияда дагы, индиялык өкмөттөгү жетекчилик дагы анын кызы Индира Гандиге өткөн.

Кээ бир эксперттердин айтымында, Неру кайтыш болгондон кийин партия жетекчилиги анын кызын атайын төрайым кылып шайлаган, анткени алардын оюнда, жаш ургаачы саясатчыны алардын оюнан чыгарбай кармоо оңой болмок, бирок Индира Ганди кээде өтө катуу саясат жүргүзгөн.

Демократиялык өлкөдө кырк жыл бою бир гана партия бийликте болуп, аны жалаң атасы менен кызы жетектегени көптөргө жаккан эмес жана тымызын уюштурулган аракеттердин натыйжасында 1984-жылы Индираны анын өзүнүн жан сакчысы өлтүрүп кеткен. Бирок "Конгресс" партиясынын эл арасындагы кадыры өтө жогору болгондуктан, жетекчиликке - мурда саясатка көп аралашпаган Индиранын уулу, учкуч Ражив шайланган.

Ражив Ганди өлкөдө реформа баштап, кеңири тараган бюрократияга согуш жарыялаган. Натыйжада 1989-жылдагы шайлоодо анын партиясы утулган, ал эми келерки шайлоо өнөктүгү учурунда, 1991-жылы ал жанкечти аял тарабынан өлтүрүлгөн.

Соня Ганди Италиянын Турин шаарынын алдында 1947-жылы туулган жана 21 жашында Раживке турмушка чыгып, кийин 1981-жылы Индиянын жарандыгын алган. Ал дагы саясатка такыр аралашпай келген жана 1991-жылы күйөөсү киши колдуу болгондон кийин гана, партия мүчөлөрүнүн суранычы менен саясатчыга айланган. Жети жылдан кийин ал "Конгресс" партиясынын төрайымы болуп шайланган. Азыркы шайлоо өнөктүгү учурунда кээ бир адамдар аны "чет өлкөлүк" деп атаганда, Соня "башка негиз табылбаганда, ушуга асылышат, мен индиялыкмын" деп айткан.

Индияда 670 миллион шайлоочу бар, ошондуктан добуш берүү үч аптанын ичинде беш жолу өткөрүлдү. Анткени бир миллионго жакын шайлоо кызматкерлерин бир провинциядан башка провинцияга көчүрүп алып келип туруу керек болгон. Добуш берүүлөр 20-, 22- жана 26-апрелде, андан соң 5- жана 10-майда өткөрүлдү. 13-май күнү болсо, расми жыйынтык чыга электе, оппозициядагы "Конгресс" партиясы жеңгени тууралуу жарыялады. Анткени 545 орундуу парламенттеги 272 орун алардын колуна тийген.

Партиянын басма сөз өкүлү Амбика Сонинин айтымында, өкмөт эми бийликтен кетүүгө тийиш:

- Биз акыркы үч күн бою айтып келдик, алгачкы жыйынтыктарга караганда, Бхарата жаната партиясынын бийликте отура берүүгө эч моралдык укугу калган жок. Эми Улуттук демократиялык альянска кирбеген диний эмес өкмөт түзүлөт жана аны "Конгресс" партиясы жетектейт.

Акын Атал Бихари Важпайи жетектеген "Бхарата" диний ураандар менен бийликке келген. Акыркы мезгилде ал бир топ экономикалык реформаларды ишке ашырган жана өткөн апрелде кошуна Пакистан менен ийгиликтүү сүйлөшүү баштаган. Ошондон пайдаланып, октябрга белгиленген шайлоону Важпайи беш ай алдыга которуп, оңой жеңип кетүүгө аракеттенген. Эксперттердин айтымында, Важпайинин реформалары шаардык ишкерлер менен банкирлерди гана байытты, бирок алар айыл жергесине жеткен жок, ошондуктан дагы эле жакыр айылдыктар Соня Гандини тандады.

XS
SM
MD
LG