Иракка каршы АКШ баштаган согуштун идеологдорунун бири Ричард Пөрлдун айтымында, америкалыктар Иракта өтө эле жай аракеттенүүдө. Бирок жакында ал өлкөнүн Коомдук сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, абалды дагы оңдоо мүмкүн экенин билдирди:
- Бул согушта биз утула турган чекке жете элекпиз, бирок анын жүрүшүнө күнүмдүк байкоо салбаган адамдар кээде ошондой ойго кеткенин мен түшүнөм. Абал бир топ татаал жана менин пикиримде, аны ого бетер татаалданткан нерсе - бийликти ирактыктарга өткөрүү жараяны өтө жай пландалып ишке ашырылып жаткандыгында. Андан тышкары, ирактыктарды биз өз тарабыбызга мындан алда канча мурда эле тартыш керек болчубуз.
Президентти колдогон башка саясатчылардын сыны мындан бир кыйла катуу. "Уикли стандард" журналынын редактору Уильям Кристолдун айтымында, коргоо министри Доналд Рамсфелд согушту уюштуруп, аны башкаргандын ордуна саясат менен алек:
- Доналд Рамсфелд согушту арзан утуп алууга аракеттенген. Согушта ал чектелген сандагы куралдуу күчтөр менен жеңип, биздин аскер канчалык күчтүү жана канчалык алдыңкы үлгүдөгү куралга ээ экенин көрсүтүүнү көздөгөн, Иракка өтө көп аскердин кереги жок деп эсептеген. Чындыгында бизге кошумча аскер керек. Иракка дагы эки дивизия жиберүүгө тийиш жана коопсуздук маселесин биротоло чечиш керек.
Иракта азыр америкалык 135 миң аскер бар. Мөөнөтү аяктап, үйлөрүнө кайта турган 20 миң аскерди АКШ жетекчилиги жакында аскерий кызматтан бошотпой, кайра Иракта калтырды. Бирок Карнеги фондунун аналитиги Роберт Кагандын пикиринде, бул чара жетишсиз жана Иракка дагы кеминде 30 миң кошумча аскер жиберүү керек. Андан да маанилүү нерсе - кошумча аскер жиберүүдөн баш тарткан жетекчилик коомчулукка согушта жеңип чыгуу алардын эң негизги максаты эмес экенин көрсөткөнүндө. Акыркы мезгилде Буштун өкмөтү өзүнүн Ирактагы мурдагы катуу саясатын жумшарта баштагандай көрүнөт. Каган менен Кристолдун пикиринде, мындай туруксуздуктун арты жаман бүтүшү мүмкүн.
Аны президенттикке талапкер Жон Керри дагы байкады жана жакында Иракта демократия эмес, стабилдүүлүк эң биринчи кезекте керек деп жарыялады. Бирок президент Буштун жактоочуларынын айтымында, эгер жетекчилик согушта жеңип чыгуу максатынан тайса, анда ноябрда өтө труган президенттик шайлоодо Буш эмес, Керри жеңишке ээ болот. Анткени америкалык коомчулуктун пикиринде, согушкандан мурда аскерлерди Ирактан чыгарып кетүү ишине Керри алда канча жөндөмдүү.
Кристолдун айтымында, андай олку-солку саясат токтотулуш керек:
- Албетте, биз ката кетирдик. Президент Буш баарын туура жасаган жок. Бирок биз дагы жеңе алабыз, биз жеңиш керекпиз. Ошондо гана Буш дагы жеңет. Анткен менен Буштун колдоочусу катары мени бир нерсе тынчсыздантат - америкалык жетекчилик азыр жеңишке умтулуунун ордуна, согуштан кантип чыгып кетүү стратегиясы жөнүндө ойлоно баштаган сыяктуу.
Америкалык неоконсерваторлордун пикиринде, президент Буш Ирак маселесинде өтө катуу туруш керек.