Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

БАШ КЕСЕРЛЕР ҮШ ҮРКҮТТҮ


Шейшемби күнү Ирактан келген кезектеги кабарлардын бири америкалыктардын өнө боюн титиретип, үшүн үркүттү. Террорчуларга, айрым кабарларга караганда, ”Ал-Каидага” караштуу “Мунтада ал-Ансар” тобуна тийиштүү интернет-сайтта бетин чүмбөттөп алган беш киши бир жаш жигиттин башын алып салганын көрсөткөн кадрлар таркатылды. Бул ишти америкалык өкүлдөр, анын ичинде азыркы Вашингтон администрациясынын саясий оппоненттери бир ооздон жеткен айбанчылык деп аташты. Баш кесерлер сөзсүз табылат жана сотто жазасын алат, деп билдирди шаршемби күнү Ак үйдүн өкүлү Скотт Маклеллан. Ал эми арап дүйнөсүндө бул окуя эки ача пикирлерди пайда кылды.

Жахилдер да жасабас бул тасманы террорчулар өз сайтында “Абу Мусаб ал-Заркави америкалыктын жанын алып жатат” деп аташкан. Адегенде курмандыкка чалынып жаткан жаш жигитти сүйлөтүшкөн, ал өзүн Ник Берг деп атап, атасынын ысмы Майкл экенин, Филаделфияда төрөлүп-өскөнүн ырастаган. Андан соң баш кесерлер өздөрүнүн атайын билдирүүсүн окуп, Бергди алар “Абу Грейб” түрмөсүндөгү туткундарга айырбаштоону сунуш кылышканын, бирок коалициялык администрация буга караманча макул болбой койгонун, ошондуктан Никти абактарда америкалыктардан азар көргөн ирактыктардын куну үчүн курмандыкка чалып жатканын айтышкан.

Абу Мусаб ал-Заркавини америкалыктар бин Ладендин оң колу, ”Ал-Каиданын” Ирактагы атайын эмиссары дешет. Ага атайын издөө жарыялап, анын башына сыйлык сайышкан. ЦРУнун адистери азыр анын бул ишке катышкан-катышпаганын иликтеп жатышат.

Террорчулардын колунан өлгөн жигиттин атасы Майкл Берг Ирактагы коалициялык администрацияны айыптап, анын уулун бир нече күн түрмөдө кармап турушканын, ошонун айынан Багдаддан учуп кете албай, кийин террорчулардын колуна түшүп калганын билдирди. Ирактагы америкалык өкүлдөр болсо Никтин камалганын жалган дешет.

Канеткен күндө да төбө чачты тик тургузган бул окуяны америкалыктар катуу айыпташты. Сенатор Жон Маккейн аны анык жахилдик, үрөй учурган наадандык деп баалады. Мунун өзү америкалыктар менен бул адамноолор ортосундагы асман-жердей айырманы көрсөтүп турат,- деп айтты сенатор. - Бу баш кесерлер дегеле адам баласы эмес, аларда адамдык эч кандай касиет жок.

Лондондо чыгуучу арап тилиндеги “Ал-Хайат” гезитинин баяндамачысы Хазем Саги бул ишти ал-Заркави ирак түрмөлөрүндөгү ыпылас иштер мусулмандардын канчалык жаалын кайнатканын көрсөтүү максатында жасаганын, мындай ыкманы эми ырайымсыздыгына карабастан ирактыктар сап кармап алышы мүмкүн экенин эскертти. Мындай иш, Сагинин айтымында, Ирактагы жана региондогу көп кишилердин кыялына келиши ыктымал, иши кылып, ал-Заркави менен анын бригадасы Кошмо Штаттары региондо баштаган иштерге ушундай же башка бир амалдар аркылуу каршылык көрсөтөрү калетсиз.

Деген менен Ирактагы көпчүлүк мусулмандар эч кандай жазыгы жок чет элдиктерди өлтүрүүнү, болгондо да аларды адам диттегис ыкмалар менен өлтүрүүнү ислам эрежелерине сыйышпаган жорук деп баалашты. Ирактыктарды түрмөдө мазактагандарды жазалоо зарыл дешет алар, бирок минтип өч алуу таптакыр адамчылыкка жатпайт, тескерисинче, ирактыктардын, жалпы мусулмандардын адамдык насилине шек келтирет.

XS
SM
MD
LG