Индиянын "Улуттук конгресс" партиясы парламенттик шайлоодогу күтүүсүз жеңишин майрамдап жатат. Партия лидери Соня Ганди күчтүү, туруктуу жана секулярдуу өкмөт түзүүнү убада кылууда:
-Алдыдагы бир нече күн ичинде өкмөттү түзүү иши ыкчамдатылат. Улуттук конгресс партиясы биздин өлкөнү жакын арада күчтүү өкмөт башкара баштаарын кепилдей алат.
Индиянын киши колдуу болуп өлгөн экс-премьери Раджив Гандинин жесири, теги Италиялык Соня Ганди – өлкөнүн жаңы премьер-министри болоору күтүлүүдө. Шайлоодо жеңген анын оппозициячыл партиясы өз чечимин бүгүн жарыялаарын билдирди. Индиянын учурдагы премьери Атал Бехари Важпаи өзү жетектеген "Бхаратия Жаната" партиясы шайлоодо жеңилгенин моюнга алды.