Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

ИЗРАИЛЬ ГАЗА ТИЛКЕСИНДЕ ҮЙЛӨРДҮ ТАЛКАЛАДЫ


Газа тилкесинде бир аптадан бери кан төгүлүп, кагылышуулар токтобой келатат. Бүгүн (16-майда) Израил аскерлери качкындардын Рафах лагеринде бир нече үйдү сүздүрүп салышты. Бул окуяны Кошмо Штаттары сынга алды. Израиль Египеттин чек арасына канаатташ жайгашкан бул лагерде жер алдындагы өткөөлдөр аркылуу палестин согушчандары чет элден куралдарды жардам катары алат деп ырастап, бул жакта өз көзөмөлүн күчөтүүдө.

AКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Газа тилкесиндеги качкындар лагеринде палестиндердин үйлөрүн талкалашына Кошмо Штаттары каршы экендигин бышыктап, учурдагы коогалаңды токтотууга үндөдү. Иорданда өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумдун чегинде сүйлөгөн сөзүндө Пауэлл Рафах лагеринде үйлөрдү буздуруу тескери жыйынтык берээрин эскертти:

- Биз үйлөрдү түрттүрүп салууга каршыбыз. Мындан майнап чыкпайт. Израилдин өзүн коргоо укугун тааныйбыз. Бирок Рафах лагеринде палестиндердин үйлөрүн талкалоо өңдүү аракеттерге биз каршыбыз.

Иордандагы форумда дүйнөлүк саясий жана ишкер лидерлер араб дүйнөсүндөгү реформалар, АКШ менен Европанын Жакынкы Чыгыштагы тышкы саясаты, терроризм өңдөнгөн учурдун курч көйгөйлөрүн талкуулап жатышат. Үч күндүк жыйынга 800дөн ашык делегат катышууда. Жыйынды ишембиде Иордандын падышасы Абдулла экинчи ачып, Иракты кайра курууга, терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө жана Палестин мамлекетин таанууга чакырды.

Израилдин Жогорку соту бүгүн Рафахта үйлөрдү буздурууга салынган тыюуну күчүнөн кетирди. Израилдин армиясы бул аймакта Египет менен чек араны бойлото көзөмөлдү күч алдырууну пландап жатат. АКШнын Мамкатчысы ошондой эле Жакынкы Чыгыш жаңжалын эки өлкөнүн ортосунда жөнгө салынышын колдоорун бышыктады. Ошол эле мезгилде Палестин лидери Ясир Арафатты "тынчтык жараянына бут тосуп жатат" деп айыптады.

Рафах лагеринде үстүбүздөгү жумада Египет менен чек арага жакын жердеги кагылышууларда Израилдин 7 аскери ажал тапты. Армиянын согуштук тикучмалары "террористтик иш-чаралар пландалат" деп шектелген "ал-Акса азапкорлору" бригадасынын кеңсесин аткылады. "Ал-Ресала" гезитинин редакциясы да бутага алынды.

XS
SM
MD
LG