Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Сони Ганди коммунисттер менен коалиция түзүүнү көздөйт


ДЕЛИ. Индиянын Коммунисттик партиясы бүгүн жыйын өткөрүп, өзүнүн Сони Ганди жетектеген "Бүткүл индиялык конгресске" кошулар-кошулбасын чечет.
"Конгресс" жакында өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо парламенттеги 543 орундун 145 орунун жеңип алган. Бирок бул орун өкмөт түзүүгө жетишсиз.

Ошондуктан Сони Ганди кечээ "Конгресске" кошулуп, коалиция түзүү тууралуу сунушу менен Коммунисттик партияга жана дагы 3 майда партияга кайрылган болчу.

Бүткүл индиялык конгресстин мүчөлөрү кечээ Сони Гандини парламенттик фракциянын лидери кылып шайлашкан.

XS
SM
MD
LG