Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Ош обласында ВИЧ инфекциясынын санын жуктургандардын саны көбөйүүдө


ОШ. СПИД илдетин пайда кылчу вич-инфекциясын жуктургандардын саны 17-май күнү Ош облусу боюнча дагы 8 адамга өстү. Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борбору Бишкекке, республикалык СПИД бирикмесинин лабораториясына жиберилген шектүү анализдердин ичинен 8 адамдыкына вич-инфекцияга кабылгандыгы анык деген бүтүм чыгарылган. Сегизи тең эркек кишилер жана баңгилер. Вич-инфекциясын баңги затты ийне аркылуу кабыл алып жаткан кезде жуктурушкандыгы аныкталган. Ошентип, Ош облусундагы вич-инфекциясына кабылган адамдардын жалпы саны 263төн 271ге өзгөрүлдү. Ал эми үстүбүздөгү жылы Ошто он тогузу каттоого алынып отурат.

XS
SM
MD
LG