Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Өкмөттүн ишмердүүлүгү боюнча токтом кабыл алынды


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны табигый кырсыктарды алдын-алуу боюнча аталган палата 2003-жылдын 6-июнунда кабыл алган токтомду кыргыз өкмөтүнүн аткарышын кароону улантып, токтом кабыл алды. Отурумда сөз сүйлөгөн депутаттар кыргыз өкмөтү табигый кырсыктардын алдын-алуу боюнча натыйжалуу иш алып барбагандыктан 2004-жылы өлкөдө бир нече адамдын өмүрүн кыйган кайгылуу окуялар болгондугун белгилешти. Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик коопсуздук комитети кыргыз өкмөтүнүн палатанын өткөн жылдагы токтомун аткаруу боюнча жасаган аракетин канааттандырарлык эмес деп таап, табигый кырсыктардын алдын-алууну жеткиликтүү көзөмөлдөбөгөндүгү үчүн өкмөт башчы Николай Танаевди кызматтан кетирүү тууралуу токтом долбоорун сунуштады. Добуш берүүгө келгенде мындай токтом долбоору колдоо тапкан жок. Мыйзам чыгаруу жыйынын токтомун аткаруу боюнча өкмөт тарабынан көрүлгөн иш чаралар жетишсиз деп табуу тууралуу токтом долбоору кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG