Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

АКШ АСКЕРЛЕРИ ИРАКТАН ӨЛКӨДӨ ТЫНЧТЫК ОРНОГОНДО КЕТИШЕТ


Бурулкан Сарыгулова, Прага Коалиция аскерлери менен козголоңчулардын ортосунда ишембиде башталган кагылышуулардын жаңы толкуну жекшембиде (16-майда) да уланды. Акыркы маалыматка караганда, Басрадагы атышууда жергиликтүү үч адам набыт болуп, дагы үчөө жарат алды. Адам өлүмү көп болуп жатканына карабастан, АКШ аскерлери Иракта туруктуулук орногонуна иш жүзүндө ынанмайынча, бул аймактан кетпей тургандыгын байма-бай айтылууда.

Мосулдагы 15-майдагы кагылышта Ирак аскерлеринен төрт адам өлүп, дагы он беш адам жараат алгандыгы жөнүндө “Ал-Жазира” телеканалы менен Вестерн агенттиги жазды. Коалиция өкүлдөрү Багдаддын жанындагы ар кыл кагылышууларда жараат алган америкалык төрт аскер набыт болгондугун кабарлашты.

Ал эми Амар менен Баср портунун ортосундагы жолдо капыстан болгон кагылышта 16 козголоңчу өлүп, Улуу Британиянын эки аскери жарат алды. Бүгүн болсо ас-Садрдын тарапкерлери менен коалиция аскерлери Ирактын түштүгүндөгү Назилия менен Кербалада кагылышты. Бирок ал жердеги чыгымдар тууралуу маалымат тараган жок.

Шийилердин динаятчысы ас-Садр башында турган козголоңчулар АКШ баштаган коалиция аскерлерине каршы көтөрүлүштү мындан бир ай мурда баштаган. Коалиция ушул аралыкта көп аскеринен айрылды. Согуш башталган март айынан бери 800 чамалаш жоокер мерт болгондугу маалымдалууда.

Ага карабастан, АКШ бийлиги Иракта суверендүүлүк орноп, өз алдынча тынч жашоо калыптанмайынча, бул аймактан аскерлерин алып чыкпай турганын байма-бай айтып келатат. Президент Жорж Буш ишемби күнү бул маселеге дагы бир ирет кайрылды:

-Биздин күчтөр Иракта калат жана Ирак эли өз өлкөсүн коргоону камсыздамайынча, аларга жардам берүүнү улантат.

Буштун айтымында, 30-июнга белгиленген бийлик өткөрүү иш-чарасына тыкыр камылгалар көрүлө баштады:

- Жакынкы бир нече жумада убактылуу өкмөт түзүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынат. 30-июнда эгемен Ирактын туусу көтөрүлүп, Жогорку бийлик убактылуу өкмөткө берилет. Америка Ирак элинин эгемендигин сактоо милдеттин алат.

Мамлекеттик катчы Колин Пауэлдин айтымында, өкмөттө бекем күч жана ишеним пайда болгон шартта АКШ аскерлери чыгып кетүүгө даяр. Бирок азыр андай мүмкүнчүлүк түзүлө элек. Ошондуктан, Ирак эли коалиция аскерлеринин өлкөдө кала беришине кызыкдар, дейт Колин Пауэлл.

Франциянын тышкы иштер министри Мишэль Барньенин оюна караганда, башкарууну 30-июнда ирактыктарга толук өткөрүп берүү керек:

- Биз Ирактагы саясий жана экономикалык кайра түзүүлөргө ыгы менен катышып турабыз жана реконстуркциялоо процесси 1-июлдан баштап туруктуулук менен камыр-жумур ишке ашарынан үмүтүбүз бар. Бул процесс албетте 2005-жылдын январында тааныларынан үмүттөндүргөн мыйзамдуу жаңы өкмөттүн жетегинде ишке ашышы жөндүү.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, Ирактын келерки өкмөтү эл аралык мыйзамдарын жана Ирак элинин каалоосун эске алуу жолу менен түзүлүшү керек. Бул маселе президент Буштун коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс менен президент Путиндин Москва жолугушуусунда да талкуулангандыгы кабарланды.

XS
SM
MD
LG