Иззедин Салим деген ысым менен да белгилүү Отман төрагалык кызматын бир нече аптадан бери гана аткарып келаткан. Анын өлүмүн Ирактын америкалык администрациясынын өкүлү да тастыктады:
- Эртең мененки саат 9:15 ченде биздин божомолубузда, жан кечти террорист аскерий бекеттин жанында турган 3 автомашинанын ичине коюлган бомбаларды жардырган.
Жардыруудан дагы бир нече ирактык иши мерт кетти.
Салим “Дава Ислам кыймылынын” жетекчиси катары кеңири белгилүү болчу. Ал радикал шийилердин лидери Муктада Садр менен коалиция ортосундагы аскерий тирешүүнү токтотуу үчүн активдүү аракеттенип келген.
Өткөн айда "Эркин Ирак" радиосуна берген интервьюсунда Салим мындай деген эле:
- Башкаруу кеңеши Муктада Садр менен сүйлөшүү үчүн Нажафка өз делегациясын жиберди. Кризисти чечүү жолдору каралган сунуштар Ирактын жарандык администратору Пол Бремерге берилди. Бремер менен талкуу кризисти жөнгө салууга жардам берет деп үмүттөнөм.
Башкаруу кеңеши түзүлгөн былтыркы жайдан бери анын экинчи мүчөсү киши колдуу болуп отурат. Өткөн жылдын сентябрында Багдадда Кеңешке кирген үч аялдын бири - Акила ал-Хашими атып өлтүрүлгөн.
Бүгүнкү жардыруу АКШ Ирактын суверендүүлүгүн өткөрүп берүүгө даярданып жаткан кезге туш келди.
Ирактын убактылуу тышкы иштер министри Хошияр Зебари Иорданияда өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө терракттар жаңы Иракты куруу процессин токтото албайт деп билдирди:
- Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү террордук кол салуулардын, антидемократиялык күчтөрдүн негизги бутасына айланганын бүгүнкү окуя айгинеледи. Бирок бизди коркута алышпайт. Биз жаңы Иракка карай жолубузду уланта беребиз.
Өлкөнүн түштүгүндө болсо Муктада Садрдын куралдуу күчтөрү менен коалиция аскерлеринин ортосунда салгылашуу болду. Италиянын коргоо министри бүгүн ырастагандай, Насириядагы кагылышуу маалында италияык бир жоокер жарадар болуп, түн ичинде көз жумду. Кербала шаарынын жанында да ок атышуу болгону маалымдалууда.
Козголоңчулардын активдүүлүгү артып бараткандыктан АКШ Түштүк Кореяда жайгашкан 37 миң аскерлик контингентинин бир бөлүгүн Иракка алып келүүнү көздөп жатат. Сеулдун өкүлү Ким Сук АКШ менен Түштүк Корея ортосунда тийиштүү сүйлөшүүлөр башталганын билдирди.
Американын өзүндө болсо Ирактын түрмөлөрүндөгү укук бузууларга байланыштуу жаңы деталдар ачыкка чыга баштады. "Нью-Йоркер" журналынын 24-майда чыга турган санында кабарчы Сеймур Херш абактагыларды суракка алуу боюнча жашыруун тактика АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд тарабынан жактырылган деп айтылат. Автор АКШнын чалгындоо кызматынын мурдагы жана азыркы анонимдүү офицерлерине шилтеме жасап, бул тактика терроризм менен күрөштүн бир бөлүгү катары Ооганстанда жана башка жерлердеги жаза өтөөчү жайларда колдонуу үчүн иштелип чыккан деп ырастайт. Ошентип, туткундардын каршылык көрсөтүүсүн басаңдатыш үчүн сексуалдык кордоо, уктатпай кыйноо жана башка зөөкүрдүккө жол берилгени айтылууда.
Рамсфелд Ирактагы козголоңчулардын кол салууларын токтотуу үчүн мындай ыкманы Абу Грейбде киргизүүнү колдогон, деп жазат Нью-Йоркердин кабарчысы.
Пентагон Херштин макаласында айталгандарды төгүнгө чыгарды.