Европа биримдиги анын баалуулуктарын жана кызыкчылыктарын урматтаган өлкөлөр менен гана тыгыз байланыш түзүүнү көздөйт. Бирок ал жакында эле жарыя кылган өзүнүн стратегиясында Белорус жөнүндө эч сөз кылбайт. Европа биримдиги Алдександр Лукашенко президент болуп турганда Белорус менен кызматташуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Айрым аналитиктер Белорусту бөлүп салуу саясаты өлкөдө саясий реформаны жүргүзүүгө түрткү болот дешсе, башкалар болсо бул өзүн актабаган саясат деп айтышууда. Берюсселдеги Саясий маселелерди изилдөө борборунун кызматкери Майкл Эмерсон (Michael Emerson) Европа биримдигинин президент Лукашенкого карата дипломатиялык жолдор менен жасаган аракетинен майнап чыкпагандыгын белгилейт:
- Белорустагы оор абалга кийгилишүүнү каалабаган Европа биримдигинин саясаты күткөндөй натыйжа берет деп айтыш кыйын.
Майкл Эмерсон биримдиктин бул документи Европанын Белорус элине эскертүүсү деп эсептейт. Эмерсон Биримдик Лукашенко эмес, Белорус эли өзгөрүүлөргө барат деп күтөөрүн айтат:
- Бул - Европа биримдигинин позициясы. Ал белорустарга багытталган. Мен Лукашенко өз саясатын өзгөртөт деп эч ким күтпөйт деген ойдомун. Ким билет, анын Ливиянын президенти Кадаффидей болгусу келип жатышы мүмкүндүр. Аны эч ким айталбайт. Бирок Лукашенко эмне кылса да өзгөрбөйт. Бирок ал түбөлүк президент болбойт да.
Майкл Эмерсон Европа биримдигинин белорустарды жазалайын деген ою жок экендигин, бирок Грузия менен Ажариядагыдай бийлик алмашуу болушун каалаарын кошумчалайт.
Белорустук жана орусиялык аналитиктер Европа биримдигинин мындай саясаты натыйжа бербейт деп эсептешет. Алар мындан өкмөт эмес, белорус эли зыян тартат деп белгилешет.
- Силер Белорусту бөлүп салганыңар туура болбойт. Силер диктатордук режим деп эле Белорусту Европадагы феодалдык анклав кылып салбашыңар керек. Тескерисинче, Европа биримдиги Белорусту бул орто кылымдын сазынан алып чыгуунун жолдорун издеши зарыл. Европа биримдигинин стратегиясы өкмөткө ичтен таасир этүүнү да эске алышы керек. Эл сокур эмес, алар эмне болуп жатканын көрүп жатышат. Эгерде силер мамлекет менен баардык алаканы үзсөңөр, элдин абалы мындан да начарлайт. Азыр деле абал жаман. Эми мындан да жаман болот, - дейт Минскидеги социалдык-экономикалык изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Александр Соснов.
Ал белорустар Москва менен тыгыз байланыштуу болууну жактап добуш беришсе эле, алар көз карандысыздыкты каалабайт, өз келечегин ойлобойт деп түшүнүү туура эмес дейт.
Москвадагы эл аралык кызматташуу институнун эксперти Кирил Коктиш болсо Евробиримдиктин Белоруска карата эч качан ырааттуу саясаты болбогондугун, анын акыркы чечими да ошонун бири экендигин билдирет:
- Бул стратегия жардам бербейт. Ал Лукашенко Европанын нормаларына туура келген ишти эмес, каалаганын жасап жатат деген европалыктардын Белоруска карата баягы эле эски саясатын билдирет.
Кирил Коктиш минтип бөлүп салуу менен Лукашенкону бийликтен кетирүүгө мүмкүн эмес экендигин айтат:
- Элдин саясий активдүлүүгү болбогондуктан Лукашенко өз билгенин жасап жатат. Аны экономикалык кыйроо гана бийликтен кетире алат. Бирок кыйроо эми болбой калды. Болгон күндө да ал Орусияга да, Европа биримдигине да жакшылык алып келбейт. Анткени өлкөдөн качкандар ошол жакка барышат.
Кирил Коктиш жаңы стратегиянын Европа өлкөлөрү тарабынан бирдей сакталышы кыйын экендигин белгилейт:
- Ирактагы согуш Европа биримдигине кирген өлкөлөр арасында тышкы саясат боюнча бир пикир жок экендигин көрсөттү.