Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:07

ИРАКТЫН ЖАҢЫ ӨКМӨТҮ СУВЕРЕНДҮҮ БОЛООРУ КҮМӨН


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын убактылуу америкалык башкаруучулугунун айтымында, 30-июнда өлкөдөгү бийлик ирактыктардын өзүнө өткөрүлүп берилет. Бирок коопсуздукту камсыз кылуу үчүн, америкалык аскерлер Иракта дагы калат. Анткен менен көптөгөн америкалык саясатчылар дагы, чет өлкөлүк эксперттер дагы мындай саясатты сынга алууда.

Америкалык жетекчиликтин айтымында, 17-май күнү Багдад шаарында Ирактын Башкаруучу кеңешинин төрагасы Изедин Салим өлтүрүлгөнүнө карабай, өлкөдөгү бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүү жараяны мурда пландалгандай уланат жана 30-июндан кийин Ирактын убактылуу өкмөтү түзүлөт. Ал өкмөттө президент, анын эки орун басары, премьер-министр жана 26 министр болот. Бул өкмөт жалпы элдик шайлоо даярдайт жана 2005-жылдын январында Улуттук ассамблея шайланып, ал кийин өлкөнүн Конституциясын даярдап кабыл алып, туруктуу өкмөт түзөт.

Жаңы убактылуу өкмөт пайда болооруна бир айдай убакыт калды, бирок ал кантип түзүлөөрү жана ага ким кирээри азырынча так белгисиз. Америкалыктар ал жөнүндө - өкмөткө иштин көзүн билген адистер тандалат деп айтууда. Алгач америкалыктар өкмөт мүчөлөрүн өлкөнүн ар бир дубанынан тандай турганын айткан. Бирок алар кимди жана кандай негизде тандай турганы ачык болбогондуктан, ирактыктар шайлоо өткөрүүнү сунуштаган. Бириккен Улуттардын эксперттери болсо 30-июнга чейин шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келген.

Америкалык жетекчилик азыр Ирак боюнча Бириккен Улуттардын жаңы резолюциясынын долбоорун даярдап жатат. Эгер ал кабыл алынса, Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине дүйнөнүн өлкөлөрү кеңири катышууга тийиш. Резолюциянын долбоорун талкуулап, ага колдоо алуу үчүн президент Жорж Буштун кеңешчиси Кондолиза Райс дем алыш күндөрү Маскөөгө келип, президент Владимир Путин менен, андан соң Берлин шаарында европалык он өлкөнүн өкүлдөрү менен жолукту. Ал Маскөөдөн кетээри менен Путин Ирандын тышкы иштер министри Камал Харази менен сүйлөштү. Харазинин айтымында, Иракта түзүлүп жаткан жаңы өкмөттүн легитимдүүлүгү аз, башкача айтканда, өлкө калкынын кеңири катмары аны өкмөт деп тааныбайт.

Маселе кайрадан барып эле, жаңы өкмөт түзүлгөнү менен, өлкөдөгү аскерий маселенин баарын баары бир америкалыктар чече турганына такалууда. АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, антпегенде өлкөдө баш-аламандык башталышы мүмкүн:

- Башкаруучулуктун бирдиктүүлүгү үчүн, эл аралык коалициянын аскерлери менен кызматташкан ирактык күчтөр жалпы башкаруучулукка баш ийет. Антпегенде хаос башталат. Ушундай эле тартипти биз көп жылдар бою башка өлкөлөрдө дагы пайдаланганбыз. Ошондуктан аны жакшы билебиз жана андай система иштейт деп ойлойбуз.

Анткен менен кээ бир америкалык жана чет өлкөлүк эксперттердин айтымында, жаңы түзүлө турган өкмөт менен кошо Иракта америкалык аскерлер бийлик кыла турганы өкмөттүн суверендүүлүгүн арсар кылууда. 18-май күнү Франциянын "Либерасьон" гезити жазып чыккан макалада - Ирактын азыркы америкалык башкаруучусу Пол Бремердин ордуна 30-июндан кийин АКШнын Ирактагы элчиси болуп дайындалган Жон Негропонте келет. Бремер азыртан эле бардык бийлик Негропонтенин колунда сакталышын камсыз кыла турган чараларды көрүүдө.

Кайсы өлкөнүн болбосун өкмөтү суверендүү болуу үчүн, өз аймагындагы маселенин баарын ал өзү чечүүгө тийиш. Бирок гезиттин жазышынча, Ирактын жаңы өкмөтү андай сүверендүүлүккө ээ болбойт, демек эл дагы аны легитимдүү деп эсептебейт. Аны менен катар, өлкө коопсуздугун камсыз кыла тургандай америкалык аскерлерден башка күч дагы жок. Ирактагы абалды өз жоопкерчилигине алуудан Бириккен Улуттар дагы качууда, ошондуктан америкалыктар азыр өтө оор абалда.

XS
SM
MD
LG