Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:43

ЕККУнун ЭЛЧИЛЕРИ КЫРГЫЗ САЯСАТЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ


ЕККУдагы Португалия, Словения, Канада, Норвегия жана Бельгиянын элчилери 18-майда Кыргызстанга келишти. Алар бир катар саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, келечектеги президенттик жана парламенттик шайлоолорго даярдыктын жагдайын талкуулашты.

Шейшемби күнү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги борборунда партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Ага «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев, «Республика» партиясынын лидери Замира Сыдыкова, КДК партиясынын жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев жана «Менин өлкөм» партиясынын өкүлү Досмир Узбеков катышты.

Европанын беш мамлекетинин ЕККУдагы элчилерин биринчи кезекте эмне кызыктыраарын жолугушууга төрагалык кылган Словениянын ЕККУдагы элчиси Янек Ленарчич мындайча билдирди:

- Бизди келечектеги шайлоо маселеси өтө кызыктырууда. Белгилүү болгондой быйыл жергиликтүү кеңештерге, келээрки жылы парламенттик жана президенттик шайлоолор болот. Бизди өзгөчө саясий партиялардын парламенттик шайлоого даярдык көрүүсү кызыктырууда. Даярдыктардын бардык аспектиси, анын ичинде массалык маалымат каражаттары менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү да.

Андан кийин кезек менен сөз алган кыргыз саясатчылары келечектеги шайлоолорго байланыштуу өз караштарын билдиришти. Адегенде сөз алган «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев буларга токтолду:

- Оппозиция да, бийлик да шайлоого даярдык көрүүдө. Биздин оюбузча шайлоо өз убагында өтөт. Бирок бизди азыркы бийликтин өз бийлигин сактап калуу үчүн ар кандай мыйзам бузууларга баруу мүмкүнчүлүгү тынсыздандырууда. ЕККУ бизге байкоочуларды даярдоодо жардам берсе оң болот.

Ал эми КДК партиясынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеев, келечектеги шайлоо өтө кыйын болорлугун айтып, бийликтин колунда эки тизме турганын, анын ичинде кара тизмеге оппозиция лидерлери жазылып, «алардын парламентке өтүшүнө катуу каршылыктар жасалат» деген оюн билдирди.

«Менин өлкөм» партиясынын өкүлү Досмир Узбеков «партиялык тизмени жокко чыгаруу жана жүз миңдеген шайлоочулардын өз айылында турбай, миграцияланып кетиши шайлоонун жыйынтыгын каалагандай калчоого шарт түзөт» деген тынчыздануусун айтты. Ал ЕККУдан ачык жана адилет шайлоо өткөрүүгө көмөктөшүүнү суранды.

«Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев «саясий партиялар алсыз, ошондуктан өлкөнүн саясий аренасында аба ырайын түзүүдө бийликтин гана мүмкүнчүлүгү бар» деген оюн билдирди. Муратбек Иманалиевдин пикиринде, эмки жылкы президенттик шайлоого караганда парламенттик шайлоонун мааниси чоң, анткени парламенттик шайлоонун жыйынтыгы президенттик шайлоонун кандай болушуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Президенттик шайлоого болсо 8-10 талапкер катышат. "Негизги маселе ал шайлоого президент Аскар Акаевдин катышаар-катышпасында" деп белгиледи М.Иманалиев. Ал ЕККУну көбүрөөк байкоочуларды даярдоого көмөк берүүгө чакырды.

Элчилер шайлоонун жакындап калганына карабай блоктор түзүлбөй, президенттикке макулдашылган бир талапкерди көрсөтүү аракеттери жасалбай жатканына таңгалгандыгын билдиришти.

Буга карата «Республика» партиясынын лидери Замира Сыдыкова саясий партиялардын материалдык-финансылык мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү экендигин айтып, шайлоо кампаниясын баштоого бийлик гана кудуреттүү деген оюн айтты.

Саясий партиялардын өкүлдөрү менен мына ушундай пикир алышуунун жыйынтыгында элчилер 19-майда ырасмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу болоорун жана анда бул маселелер көтөрүлөөрүн билдиришти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG