Комитеттин жыйынында унаа каттамдарын жакшыртуу боюнча маселени талкуулоону депутат Ташболот Балтабаев сунуш кылган. Анын айтымында, эгемендик алгандан бери жүргүнчүлөрдү көздөгөн жерине жеткирүү милдетин мамлекеттик мекеме-уюмдар тыңгылыктуу аткарбай келатат:
- Кыргызстан чет мамлекеттерден чоң кредит алып, Бишкек-Ош жолун реконструкция кылбадыбы. Бирок ошого карабай ушул тапта түндүк менен түштүктү байланыштырган жайлуу, мыкты унаалар каттабайт. Эгер жол эларалык талапка ылайык курулуп болсо, анда эмне үчүн ар бир 20-30 мүнөттө бирден автоунаа каттабайт. Айрыкча, баткендиктер кыйналды 10 жылдан бери. Алар өтө кымбатка менчик таксилерди жалдап, Бишкекке өлдүм-талдым дегенде жетишет.
Ташболот Балтабаевдин пикиринде, мамлекеттик автокаттамдардын жакшы жүргүзүлбөй жатышына менчик автобустардын, микроавтобустардын кожоюндарынан жең ичинен акча алуу тоскоолдук кылып жатышы ыктымал:
- Эч кандай эсепке алынбаган, маршрутка кирбеген жеке менчик унаалар каттап жатат. Ага МАИ кызматкерлери да, бийликтин тийиштүү өкүлдөрү да көз жуумп келатышат. Ошол эле маалда Бишкек-Ош жолунда микроавтобус, автобустар каттаганы опурталдуу деген жоопту транспорт жана байланыш министрлигинин кызматкерлери бетке кармашат.