Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Ысыккөл обладминистрациясы маңзаттарга каршы күрөш боюнча токтом кабыл алды


КАРАКОЛ. Кабыл алынган токтомго ылайык облустук штаб түзүлүп, май айынан ноябрга чейин "Мак-2004" операциясы жүрөт. Ошондой эле жапайы кара куурайларды жок кылуу үчүн айыл өкмөттөрүндө жумушчу бригадалар түзүлөт. Ал эми облустук, райондук суу чарба департаменттери жапайы кара куурай жыш өскөн аймактардын картасын тактайт. Мындан тышкары нарколог дарыгерлердин иштери активдештирилип, укук, тартип коргоо органдары көзөмөлдүктү күчөтүшөт.

Өткөн жылы облус боюнча 1921 гектардан ашуун аянттын кара куурайы чабылып, 57 тонна 895 килограмм "жашыл масса" жок кылынган. Ошондой эле облус боюнча 491 кылмыштын бети ачылып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 346 кг. 400 грамм маңзат алынган.

XS
SM
MD
LG