Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШТӨН ТЫҢГЫЛЫКТУУ МАЙНАП ЧЫКПАЙ ЖАТАТ


Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш күчөп баратканы такай айтылып келет. Ошол эле учурда анын коомдун бардык тармактарына жайылып кеткени, дегеле бул дүйнөдө коррупциялашпаган өлкө жок экени эскертилет. Өкмөттүн демилгеси менен абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеши түзүлүп, аткарылчу иш-чаралардын программасы даярдалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, кийинки кездерде эле 280ден ашуун кызмат адамдарына кылмыш иштери козголгон.

Башкы прокуратура парламент мүчөлөрү алдында ачыкка чыгарган маалыматта Ысыккөл облусунун мурунку жетекчиси менен республиканын баалуу кагаздар боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси суракка алынганы, айрым жергиликтүү аткаминерлерге каршы кылмыш иши ачылганы айтылды.

Облус жетекчисине бюджетте социалдык керектөөлөргө багытталган 2 миллиондон ашуун сомду башка ишке жумшап ийгендиги үчүн айып тагылган.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рүстөмбековдун маалымдашынча, өкмөт Бишкекте тургузулчу административдик-маданий борбордун курулушуна деп бир топ министрликтерге миллиондогон сомдорду табуу тууралуу жашыруун токтом кабыл алган:

- Биз бюджетти карап атканыбызда өкмөттүн жашыруун токтому колубузга тийген. Анда министрлик менен ведомстуктарга, «Электр станциялары», «Түндүкэлектр» акционердик коомдоруна, Темир жол башкармалыгына – ошолордун баарына өкмөт салык салыптыр. “Бишкекте административдик-маданий борбор түзүлүп атат, ошол жерге үй тургузасыңар”, дептир. Бюджеттик уюмдарга 30-40 миллион сом салык салынган. Бул жашыруун токтом болчу. Бюджетте жок болгондон кийин уурдаш керек да. Мына Финансы министрлиги бюджеттик уюм. Эми буларга 50 миллион сом салык салынган. Ал акчаны каяктан алат?

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Мыйзамдуулук жана тартип коргоо органдары боюнча комитет төрагасы Алымбай Султанов коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөш үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Бул убактылуу өнөктүк болбошу зарыл.

- Көпчүлүк маалда укук коргоо органдарынын жетекчилери расмий жыйындарда отчет беришет. Анда булар ар дайым бир сандарга такалып келишет. “Мынча кылмыштын бетин ачтык, мынча кылмышкерге иш козгодук” дешет. Бирок анын этеги–жыйынтыгы жок болуп жатат. Булар убактылуу отчет бергенге сандык көрсөткүчтөрдү айтышат. Алардын канчасы сот аркылуу өттү, соттолду? Көпчүлүк маалда мамлекет жетекчиси, өкмөт башчысы ал адамдар отчет бергенде алданып калышат. Милициянын оперативдик кызматына ким көрүнгөндү алып атышат. Агроному да бар, сантехниги да жүрөт, монтажниги алынган. Профессионал кызматкер болбогондон кийин так маалымат алыш кыйын, - дейт Алымбай Султанов.

Анын айтымында, коррупция менен кылмыштуулукка каршы такай күрөшө турган тартип коргоо органдарынын абалын мамлекет, өкмөт башчылары деле жакшы билишет. Бирок андан азырынча жыйынтык чыга элек.

- Муну мен президент билбейт деп ишенбейм. Президент билет. Премьер-министр билбейт деп ойлобойм. «Aй, эмне болуп атасыңар? Мобу жерди момундай жасасаңар болбойт беле» десек, кээ бир жетекчилер айтып атпайбы: «Эй, байке, бул менин колуман келбейт», деп тетиги Акүйдү көрсөтөт. «Ошол жактан тарта ылдыйды басып атпайбы, анан кандай кылабыз?» дешет. Жогорку Кеңеш депутаттарынын алы жетпей атса, премьер-министрдин алы жетпей атса, өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнүн алы жетпей атса, карапайым элдин алы каякка жетет? - деп айтты Алымбай Султанов.

Абийирдүү башкаруучулар улуттук кеңеш катчылыгынын жетекчиси Кубан Өмүралиев коррупцияга каршы күрөш утурумдук эмес, үзгүлтүксүз иш деп эсептейт:

- Мен муну саясий өнөктүккө байланыштуу деп ойлобойм. Бул пландуу болуп келаткан иш, буюрса, мындан ары да уланат.

XS
SM
MD
LG