Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:08

АМЕРИКА ИРАКТАГЫ "ИШЕНГЕН КОЖОСУНА" НААРАЗЫ


Соңку күндөрү Ирактык таанымал саясатчы – Ахмед Чалабинин үстүн кара туман каптай баштаган сыяктуу. Шейшембиде АКШ президенти Ж.Буш – Чалаби башында турган Ирактын Улуттук конгресс кыймылына айына 335 миң доллар бөлүштүрүүнү токтотконун жарыялады. Бейшембиде Америка колдогон Ирактын бийликтери Чалабинин Багдаддагы үйүн тинтип, компьютерлери менен документтерин алып кетишти.

Түн ичинде үйүн куралчан аскерлер тинтип, баалуу документтер менен компьютерлерин алып кеткенден кийин жакында эле Вашингтондун Ирактагы "ишенген кожосу" болуп жүргөн Ахмед Чалаби буларды билдирди:

- Мен Американын Ирактагы эң жакын досумун. Эгерде коалициялык күчтөр менин үйүмө куралдуу чабуул коюу керек деп эсептесе, АКШ менен Ирак элинин ортосундагы мамилелердин акыбалын ушундан эле аңдап билсеңер болот.


Чалабинин бул айткандары - өзү үчүн чындык, бирок Вашингтон мурдагы өнөктөшү жөнүндөгү пикирин өзгөрткөнүн өткөн жекшембиде мамлекеттик катчы Колин Пауэлл ачыктады. Пауэлл Ирактагы согуш башталаар алдында БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Саддамдын кеңири кыруучу куралы жайында айтылган маалыматтар ишеничсиз булактардан алынганын кыйытты:

- Менин Коопсуздук Кеңешинде жасаган ал докладым бир нече булактын аргументтерине, чалгындоо маалыматтарына негизделген болчу. Кийинки окуялар көргөзгөндөй, ошол булактар ишеничсиз, туура эмес жана айрым учурларда атайлап бизди адаштырган маалыматтарды берген экен. Азыр эми ал үчүн өкүнүп, кейип турам.


Пауэлл басым жасаган булактардын жок дегенде бир бөлүгү – Ахмед Чалаби жетектеген чет өлкөлөрдөгү ирактык бозгундардын кыймылы – Ирактын Улуттук Конгресси эле. Дал ушул кыймыл көп жылдардан бери Саддам Хусейнди бийликтен кулатуу керек деп Вашингтонду козутуп, атүгүл, америкалыктар Иракты Саддамдан бошотсо, Ирактын эли АКШлык аскерлерди кучак жая тосуп алат деп ишендирип келген.

Эксперттердин айтымында, башында эле президент Буштун администрациясында Чалабиден күмөн санагандар бар эле. Алардын анабашы – Колин Пауэлл болгон.

Бирок Пентагондун жетекчиси Доналд Рамсфелд жана айрыкча анын орун басары Пол Волфовиц Ирактык диссидентти колдоп-сүрөп турушкан. Ошолордун жардамы астында Ахмед Чалаби Ирактын АКШ дайындаган Башкаруучу Кеңешине мүчө болуп шайланган.

Ирактын Улуттук конгрессинин лидери азыр эми АКШ менен башталган өчөшүүнүн бир себеби катары – Бириккен улуттар уюмунун "Мунай үчүн азык-түлүк" программасын атоодо. Бул программа боюнча Саддамдын режими тушунда сатылган мунай үчүн Ирактын эли тамак-аш жана дары-дармек алып турган. Бирок Вашингтон Саддамдын бийлиги жең ичинен сатылган кара майдан кеминде 10 млрд. долларлык киреше тапты деп күнөөлөгөн.

Ахмед Чалаби жетектеген Улуттук конгресс бул маселени иликтөө максатында комиссия түзгөн. Ага удаа Кошмо Штаттар да тергөө иштерин баштаган. Жакында Бириккен улуттар уюму да өзүнчө иликтөө жүргүзөөрүн билдирди. Чалаби – анын үйүн түн ичинде тинтип, тополоң салгандар - алардын "Мунай үчүн азык-түлүк" программасын текшерүү аракетин токтоткусу келгендер деп эсептейт.


Ал тапта Ирактагы коалициялык күчтөрдүн басма сөз катчысы Дэн Сенор – Чалабинин үйүн текшерип тинтүү чечимин – АКШлык жетекчилик эмес, Ирактын утурумдук бийлиги өзү кабыл алган деп маалымдады.

Эмнеси болсо да, эксперттер Вашингтон Чалабиге мындан ары аны менен бардык кызматташтыгын токтотконун айгинелеген ачык белги берди деп жатышат. АКШнын өкүлдөрү болсо, Чалабинин ирактыктар арасындагы кадыры ансыз деле төмөн болчу деген пикирин айтууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG